24.1 C
Bishkek
13.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Өзбекстан мусулмандарынын Муфтийи Усмонхон ажы Алимовдун дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу Азирети Муфтий Замир кары Ракиев өзбек элине көңүл айтты

Өзбекстан-мусулмандарынын-Муфтийи-Усмонхон-ажы-Алимовдун-дүйнөдөн-өткөндүгүнө-байланыштуу-Азирети-Муфтий-Замир-кары-Ракиев-өзбек-элине-көңүл-айтты

‎‎ “Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз!” -إِنَّا لِلَّٰهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ

Бул оор кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Акыркы жолу телефон менен сүйлөшүп, жолугушуп, эки элдин ынтымагын бекемдөө жана Дин Башкармалыктар аралык кызматташууну, тажрыйба алмашып, достук алакаларды бекемдөөнү сүйлөштүк эле. Аттиң, кабыргам кайышып, эмне деп айтууну дагы билбей турам. Адамдык сыпаты бийик, жөнөкөйлүгүндө кеп жок инсан эле. Алла Таалам  бардык үммөт үчүн жасаган асыл амалдарын, динибизге кылган кызматтарын, агартуу аракеттерин кабыл кылсын.

Кыргыз элинин атынан боордош өзбек элине,  Өзбекстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешине,  Өзбекстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын эмгек жамаатына, Муфтий Усмонхон ажы Алимовдун үй –бүлөсүнө,  балдарына, жолдошторуна, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Бир мусулмандын үй-бүлөсүндөгү аза, бүткүл мусулмандарды да кайгыга салат эмеспи. Сабыр кылыңыздар, анткени, “Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35).

Алла Таалабыз сиздерге күч-кубат берсин. Жаратканыбыз боордош өзбек элине кайраттуулукту берип, маркум муфтийибиз Усмонхон ажыны  Өз ырайымына алып, Жаннаттын төрүнөн орун насип кылуусун Жараткан Алла Тааладан тилеймин.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан үй-бүлөсүнө тууган-уруктарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз. Сабыр кылыңыздар!

Терең кайгыруу менен көңүл айткан,

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев.

Related posts

Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров Баткен облусутк медиа борборуна барып, калкыбызга адеп-ахлак жана кулк-мүнөз темасында баяндама жасады

Ministers Could be Forced to Make NHS Workforce Plans Public

admin

Курман айт жана курмандык чалуу

1 comment

여성전용 마사지 06.07.2025 at 09:17

여성전용 마사지 = 즉각적인
평온함.

Reply

Leave a Comment