alternatetext Багымдат: 04:20 | alternatetextКүн чыгуу: 06:05 | alternatetext Бешим: 13:03 | alternatetextАср: 17:55 | alternatetextШам: 19:57 | alternatetextКуптан: 21:44
Пайдалуу кеңештер

Үйлөнүү тоюн ашыкча акча коротпостон жана пайдалуу кылып уюштурса болобу?

300 адамга ылайыкталган үйлөнүү тоюн өткөрүү үчүн орточо эсеп менен 10 миң доллардын тегерегинде акча каражаты сарпталат. Тойдун уюштуруучулары биринчи, экинчи, үчүнчү тамагы, таттуулары менен жайыл дасторкондон тышкары шоу программаны да уюштуруусу зарыл. Мунун баары аз акча болбогондуктан жаш үй-бүлө жана ата-энеси үчүн моюнуна түшкөн оор түйшүк болот. Көптөгөн үй-бүлөлөр насыя алып, карызга батышат. Айрымдары той өткөрүүгө шарты жок болгондуктан үй-бүлө курууну улам кийинки мезгилге жылдырып коюшат. Бул маселени чечүү жолдору барбы? Албетте, бар. Көңүл буруңуз! Өтө көп суммадагы акча сарптабастан эле, бирок ошону менен бирге коомго да пайда алып келген тойду уюштурууга болот. Кантип? Биз сиздерге аз акча сарпталган, бирок креативдүү, элдин батасын алып уюштурулган тойлорду айтып беребиз.

null

Эң жакын адамдардын курчоосундагы үйлөнүү- үлпөт тою

Айбек менен Салима 2017-жылы баш кошушкан. Алар ислам дининин негизинде ысырапкорчулукка жол бербей той кылууну каалашкан. Ата-энеси “Эл эмне дейт?” деп дароо эле макул болгон эмес. Анткени Айбек үй-бүлөдө жалгыз бала, ал эми Салима — үйдүн эң кенжеси. Көптөгөн түшүндүрүү жана ишендирүүлөрдөн кийин гана алар жакындарын буга көндүрүштү.

“Биздин ата-энебиз шаан-шөкөттүү чоң той өткөргүсү келген. Алар деле ата-эне парзын аткаралы деген ой менен жакшы ниетте болушса керек. Бирок тойдо спирт ичимдиги болбосо да музыкасыз, ысырапкорчулукка жол бербеген тойду өткөрүү өтө кыйын экенин билип, биз өз каалообузда аягына чейин турдук”, — дейт Салима.
%article_title%
Мечитке эң жакын адамдарыбызды чакырдык

Ошентип, жаш жубайлар никесин мечиттен кыйдырып ал эми тойду чакан, жакын адамдардын курчоосунда өткөрүүнү чечишти.

“Никебизди мечитте, Аллахтын үйүндө кыйдырдык. Эң жакын адамдарды гана чакырдык. Биздин тууган-урук, досторубуздун арасында башка диндин өкүлдөрү жана исламга анчейин жакын эмес да адамдар бар. Келген коноктор нике кыюу жөрөлгөсүндө молдонун баянын угуп, бул укмуштуу атмосфераны сезишин каалаган элек. Буга чейин мечит босогосун аттап көрбөгөн айрым жакындарыбыз, алгач ирет мечитке баш багып, кереметтүү атмосфераны сезгендиктери үчүн бизге ыраазычылыктарын билдиришти”, — дейт Салима.

Жаш түгөйлөр пайдасыз чыгымдарга жол беришпегенине абдан кубанышты. Эгер алар бул күнү колунда жок адамдардын курсагын тойгузуп коноктошсо, алардын той дагы да көркүнө чыкмагын айтышты.

“Биздин той эң өрнөктүү той болду деп айта албайм. Мисалы, биз пайгамбарыбыз Мухаммаддын (САВ) сүннөттүн аткарып, кедей-кембагалдарга тамак бере алган жокбуз. Биз өз жакындарыбызды гана чакырдык. Бирок, Кудайга шүгүр, кайсы бир деңгээлде ысырапкорчулукка жол берген жокбуз”, — дешет той ээлери.

Той ордуна саякат!

Үйлөнүү тойду жаш ишкер Тамерлан Жуманазаров да чакан үй-бүлөнүн жана достордун кучагында өткөрдү. Жаш жубайлар тоюна 35 адамды гана чакырышкан. Бул тууралуу Тамерлан өзүнүн фейсбук баракчасында жазган.

null
Той ордуна саякатты тандадык
«Жубайым экөөбүз 300-500 кишилик шаан-шөөкөттүү той, сейилдөө, фуршет, кортеж сыяктуу нерселерден баш тартууну чечтик. Жөн гана бакыт үйүнө досторубуз менен туугандарыбыздын курчоосунда каттоодон өтөлү дедик. Фотограф жалдадык. Ал биз үчүн эстен кеткис сүрөттөрдү тартып берди. Чоң тойго арналган акчага ата-энебизди Түркияга эс алууга жиберүүнү пландап койдук. Ал эми өзүбүз Таиландда эс алууну чечтик”,- деп жазат Тамерлан.

Ошентип, Тамерлан жубайы менен Таиландга саякатка кетишти. Ал эми ата-энесин жазында эмгек өргүү учурунда жиберүүнү пландап жатышат.

Кайрымдуулук үйлөнүү тою

Исламдын шарттарына ылайык үйлөнүү тою нике кыйылгандан кийин болгону жакшы. Анткени, меймандар чогулганда жаңы үй-бүлө курулгандыгы жөнүндө жарыяланат эмеспи. Ислам дини мындай тойлордо меймандардын катарына, сөзсүз, колунда жок адамдарды да кошууга чакырат.

Айрым жаш жубайлар үйлөнүү тойлорунда Пайгамбарыбыздын (САВ) сүннөтүн аткарып, кедей-кембагалдардын курсагын тойгузуу үчүн ар түрдүү кайрымдуулук иштерин жасаганга аракеттенишет. Майрамдап, сейилдөөнүн ордуна балдар үйүндө түшкү тамак-аштарды уюштуруп же аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү балдарга мектепке керектүү буюмдарды алып беришет. Буга жаш жубайлар Азат жана Нестан жаркыраган өрнөк боло алат. Алар 2016-жылы баш кошушкан. Тойго чейинки жаштардын сейилдөөсүнө коротулчу акчаны алар аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын мектепке даярдоо үчүн колдонушту.

“Учурда бир катар маанилүү социалдык көйгөйлөр абдан көп. Анын ичинде жетишпеген турмуштун айынан орто билим ала албай жүргөн балдар канча. Жумушсуздук, акчанын тартыштыгы, ата-эненин майып болгонунан улам балдар мектепке барбай калышат. Чоң тойдун бизге эмен кереги бар? Андан көрө акчаны балдар үчүн жардамга коротсок жакшы болот. Ар биринин окууга мүмкүнчүлүгү болуш керек”, — дейт бул кайрымдуулук тоюнун демилгечиси Азат Аманов.
null
Азат менен Нестан Бишкекте биринчилерден болуп кайрымдуулук тоюн өткөрүштү

Алгач Бишкекте кайрымдуулук үйлөнүү тоюн Азат менен Нестан өткөрүштү. Азаттын өрнөгүнөн кийин достору анын жолун жолдоду. Ошол эле жылы Ош шаарында Темирлан Токоев жубайы менен аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү 60 балага мектеп буюмдарын белек кылышты. Дагы башка жаш жубайлар белгилүү ислам окумуштуусу Аль-Карнинин “Капаланба. Бактылуулук рецепти жана капалыктын дарысы” аттуу 100 китебин жергиликтүү ооруканадагы бейтаптарга белекке тартуулашты. Дагы бир жаш үй-бүлө Чүй облусундагы балдар үйүнө 500 литр көлөмүндөгү муздаткыч жана тарбиялануучу балдарга мектеп шаймандарын алып беришти. Буга алар 50 миң сом сарпташты. Бул сумма залды кооздоо жана торт буйрутма кылууга жетмек. Мындай жакшы саамалыктар Кыргызстанда гана эмес башка өлкөлөрдө да бар. Маселен, Туркиядагы жаш жубайлар үйлөнүү тоюнда Сириядан келген 4000 качкынга тамак беришкен. Дагестандык жаштар тойдо чогулган акчаны “буллез эпидормолизми” оорусуна чалдыккан балдарга жардам көрсөтүү үчүн садака кылышты.

null
Балдар үйүндөгү кайрымдуулук тою

Мечиттердеги үйлөнүү той!

Ар бир мамлекеттин өз каада-салттары бар. Бизге Бруней-Дарусалам хандыгынын тажрыйбасы абдан жагат. Аларда ар бир мечитте коноктоого арналган өзүнчө жайы болот. Жаш жубайлар конокторун мечитке чакырып, никесин кыйдырып жана мечиттин короосунда конокторго тамак берип сыйлашат. Бардыгы жаштарды куттукташып, белектерин берип, алар үчүн дуа кылып тарап кетишет. Биз да бул тажрыйбаны колдонууга эмнеге болбосун? Жаңы үйлөнгөндөргө конокторду мечитте сыйлоого мүмүнчүлүк түзүлсө кандай сонун болор эле. Бул жаштарга чоң үнөмдөө болмок, ал эми мечитке пайда алып келмек. Анткени тойдун ээлери ыраазычылык катары мечитти караганга садака беришмек.

Кайрымдуулук менен коштолчу той үчүн сонун идеялар

Шаан-шөкөттүү, чоң тойду өткөрбөгөнгө ата-энени көндүрүү жаштар үчүн оңойго турбайт. Анткени үйлөнүү тойлордун көпчүлүгү жаштарга эмес, алардын ата-энелерине арналып уюштурулат. Эгер өзүңөрдүн оюңарды жактай албай калып чоң той өткөрүлгөнү жатса, анда колуңардан келишинче аз болсо да кайрымдуулук акциясын жасаңыз.Кайрымдуулук менен коштолчу тойлор Россияда көп экенин байкоого болот. Мисалы, ал жакта жаштар чакыруу баракчасына аларга гүл сатып алуунун ордуна кайрымдуулук фонддорго ошол акчаны которуп коюуну өтүнүшөт. Болочок жубайлар чакыруу катына кайрымдуулук фонддорду реквизити менен кошуп жазып коюшат. Гүл ордуна үй жаныбарлардын тамагын өтүнгөн учурлар болгон.

null
Гүл ордуна берилген өзгөчө белек
“Коноктор чын жүрөгүнөн үй жаныбарлардын тамагын алып келип жатышты. Мен мынчалык көп болорун күткөн эмесмин. Акырында бир машинанын багажы толтура чогулуп, жаныбарлар багылуучу (башпаанек) жерге жеткиздик. Эң кубанычтуусу жардам күтүп жаткан балдарга келүү. Бул балдар өз каалоолору менен убактысын жана акчасын коротуп, жаныбарларга жардам беришет. Алар бир машине жардамды көргөндө аябай сүйүнүп кетишти. “Гүл – бул албетте өтө жагымдуу белек, кайрымдуулук иши алда канча маанилүү эмеспи”, -деген оюн Денис менен Маша Happysvdba.ru сайтына берген маегинде айтышкан.

Алар үйлөнүү тоюн 2016 -жылы өткөрүшкөн.

Айрым кыздар турмушка узаар алдында курбулары менен өзүнчө майрам (девичник) өткөрүүнүн ордуна, курбуларын үйүнө чакырып, таттууларды даярдап, аларды тойкананын ичинде сатуу иштерин уюштурат. Көптөгөн коноктор чын ниеттен сатып алышат. Сатуудан түшкөн пайда муктаж адамдарга берилет.

%article_title%
Экологиялык баштыкчалар — сонун белек

Той учурунда түрдүү оюндарды уюштуруу салтка айланган. Мындан тышкары, келген коноктордун баарына белектер таратылат. Орточо эсеп менен бир тойго 100дөй белек даярдалат. Көп учурда кытайдын идиш-аяктары берилет. Алар колдонулбастан, көбүнесе, кийинки тойлорго чейин текчеде жатат, же болбосо кайра башка адамга белекке берилип, айланып жүрө берет. Эмнеге конокторго чын эле алар пайдалана турган белектерди бербейбиз? Бул маселени да чечүүгө болот. Меймандарга пайдалуу болгон белектерди сатып алып, мунун менен кошо кайрымдуулук ишин да жасай аласыз. Кантип? Атайын фонддордо мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ар түрдүү формадагы оорулар менен жабыр тарткан адамдар даярдаган белектерге назар салып көрүңүз. Мисалы, “Биргеликте ракка каршыбыз” фондунун негизинде ачылган “Курдаш” мектебинде рак оорусу менен ооруган аялдар эмгектенишет. Бардык каражаттар айымдардын химиялык терапиясына жумшалат. Алар кооз сумка, азык-түлүк салынчу баштыкчаларды тигишет. Белек эмес бекен? Сонун белек да! Же болбосо“Ловзпринттен” индивидуалдуу кружка, футболка, жадагалса кийизден жасалган чакыруу баракчаларын буйрутма кылса болот. Ал жерде мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар иштешет. Ловзпринт чакыруу барактарын кийизден жасашат.

null
Ловзпринт чакыруу барактарын кийизден жасашат

Керексиз белектерди сатып алуу менен ансыз деле тез өсүп жаткан кытайдын базарын өстүрүүнүн ордуна ушундай белектерди сатып алганыбыз жакшы эмеспи.

Колунда жок үй-бүлөлөрдү жана балдар үйүнүн тарбиялануучуларын тойго чакыруу!

Ансыз деле ток конокторду тойгузуп, тойду пайдасыз куру майрамдоого айлантып салбаган дагы бир ыкма бар. Алып баруучу, тамада Эрлан Жыргалбек уулу бул ыкманы дайыма колдонот. Ал бул чөйрөдө 9 жылдан бери иштейт. Сөзсүз түрдө тойлор спирт ичимдигисиз жана коноктор арасында, эң аз дегенде, балдар үйүндөгү жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 5-6 адам чакырылсын деген катуу талабы бар. Буга той ээлеринин көбү эле макул болушат. Эрлан мырза — жаш жубайлардын кубанычын муктаж адамдар да бөлүшсүн деген ойдогу аз тамадалардын бири.

null
Эрлан мырза — жаш жубайлардын кубанычын муктаж адамдар да бөлүшсүн деген ойдогу аз тамадалардын бири

Биз үйлөнүү тойлорго каршы эмеспиз. Жашоодогу эң негизги болгон учурлардын бирин майрамдоо маанилүү жана ислам дини буга каршы чыкпайт. Той күнү конокторду сыйлоо — сүннөт. Бирок үй-бүлө курууну жакшы иш, жакшы сөз, ысырабы жана карызы жок баштоо керектигин эстен чыгарбоо зарыл.

Булак
"Умма" журналы

Бул да кызыктуу

Пикир калтыруу

Ой-пикириңизди жазыңыз Обязательные поля помечены *

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.

Back to top button