Эмнеге эврейлердин улуттук мамлекети болгон Ысрайылдын аскерлери коңшусу болгон бейкүнөө палестиндик мусулмандарды кары-жаш, аял-эркек дебей кырып жатат? Эмнеге бул геноцидди Батыштын үлкөн дөөлөттөрү колдоп жатат? Эмне үчүн атактуу кабарчы ММКлар бул жаңылыкты чагылдырууда ар биринчи сүйлөмүндө «муну биринчи баштагандар палестиндиктердин өзү, бийлигинде турган Х@мас болчу» дегендей таризде кыргынды актагансыйт? Эмнеге Батыштын борбор шаарларында адамгерчиликтүү миңдеген жарандар Палестинаны колдоп акцияларга чыгып жатышат да, окуя болгон жерге жакын жайгашкан арап мамлекеттеринде эч үн катышпайт? Эмнеге Чыгыштын дөөлөттөрү буга сын айтымыш болот да, чечкиндүү кадам таштоодон коркушат? Бул суроолордун жообу каякта? Диндеби, тарыхтабы, геосаясаттабы же экономикадабы?
Дин жагынан алсак, монотеисттик авраамий үч диндин өкүлдөрү: мусулмандар, христиандар жана иудейлер үчүн да ыйык болгон Иерусалим жайгашкан аймак үчүн согуш болуп жатабы деген ойлор айтылууда. Палестина турган жер 3000 жыл мурда «Кынаан» (Ханаан) деп аталган жана анда Иерусалим борбор болуп, эврей элин жетектеп, Дөөт пайгамбар, Сулайман пайгамбар бийликке келишкен, ошондо Ысрайыл падышылыгы жашаган. Бирок андай дөөлөт бир келди да, бир кетти. Иудей (жөөт) ишениминдегилер ошол кездегидей күчтүүлүктү келечекте Машаяк (Мессия) чыкканда дагы бир жолу сезебиз деп ишенишет. Арадан миң жыл өтүп, биринчи кылымда, Иерусалимден күтүлгөн падыша эмес эле, күтүлбөгөн пайгамбар чыгып, христианчылык жайыла баштаган. Иса (Иисус) пайгамбардын динин жөөттөр колдобой, гректер, римдиктер кабыл алып, Иерусалим жайгашкан аймакты христиандар башкарып, «Палестина» деп атай башташкан.
Христиандардын ишеними боюнча, Иса пайгамбар «Машаяк» болуп саналат жана ал келечекте дагы бир жолу пайда болуп, антихрист менен согушуп жеңет деп ишенишет. Арадан кылымдар өтүп, бул жакты мусулман араптар келип каратып, «Фаластин» деп аташкан. Мындан миң жылдай илгери Фаластинди талашып, кресттүү рыцарлар менен Салахаддин баштаган газилердин ортосунда айыгышкан беттештер болгон. Биринчи дүйнөлүк согушка чейин мусулман өкүмдарлары (умавийлер, аббасийлер, ихшиддер, фатимийлер, айюбилер, мамлүктөр, осмондор) бул аймакта эч кандай чыр чыгарбай, тынчтыкта сактап келишкен. Иерусалим (Кудус) мусулмандар үчүн үчүнчү ыйык жер болуп саналат, мусулмандар да Иса пайгамбардын кайра түшүп келүүсүнө жана ал Имам Махди менен бирге дажжалды (антихристти) жеңет деп ишенишет. 1917-жылдан кийин Палестинага сионист эврейлердин жардамы менен британдык христиандар ээлик кылышты жана алар дароо эле эврейлерге улуттук мамлекетин түзүүгө уруксат беришти.
Ошондон бери бул аймакта тынчтык жок, анткени Ысрайыл мамлекети өзүнүн аймагын чоңойткусу келгени келген, ал эми тегеректеги араптар каршы чыгып келишет (келишкен болчу). Жөөттөрдүн ишениминде ушул мамлекети чоңойсо эле, «Машаяк» келип, алар байлык-бийликке чөмүлгөнү турушат, а бирок, мусулмандардын ишениминде жөөттөр адашып «антихристти» тосуп алышат дешет.
Азыркы болуп жаткан окуяга диндердин таасири бар дечи, бирок мында динден тышкаркы мүдөөлөр да бар экенин эске түйүп коюшубуз керек. Газада демократиялык шайлоо жолу аркылуу бийликке келген партия мекенинен оккупанттарды кууп чыккысы келгени үчүн эле «тэррористтик» деп айыпталат да, ал эми миллиондогон бейкүнөө адамдарга сокку урган радикалдуу сийонисттердин бийлиги «аппак» болуп чыгабы? Болбосо, жүз жыл мурда мында саналуу гана эврей болгон, калгандары кийин ар кай жактан качып келишкен, «башкалар бизди кырды, силер антпегилечи» деп жалдырап. Ооба, башкалар негедир эврейлерди аёсуз кыра беришкен, анын бардыгы тарыхта жазылуу. Тарыхта тээ илгерки бутпарас вавилондуктар, отпарас персиялыктар, кийинки христиан европалыктар, алтургай атеист совет бийлиги да негедир эврейлерге түз көзү менен карабай, ар качандан бир качан кысып, кыйнап келишкен. Муну адамдардын «антисемитизм» оорусу менен түшүндүрөбүзбү же эврей улутунун кандайдыр бир буга себеп болуучу кыңыр кылыктарынан күмөн санайбызбы?
Мусулмандардын доорунда кээ бир жерлерде деле анча-мынча бирин-серин куугунтуктар болгон, бирок көбүнчө учурда мусулман падышалары эврейлердин адамдык укуктарын сакташкан. Мусулмандар салык катары зекет жана үшүр төлөшсө, мусулман эместер хараж жана жизия төлөшкөн, аны да эмгекке жарамдуу эркектер гана төлөгөн, ошого жараша экономикалык шарт түзүлгөн. Эврейлер өз жанынын, салтынын, дининин сакталганына ыраазы болуп жашап келишкен. Алар баш көтөрүүгө, биригүүгө, мамлекет түзүүгө шашмак эмес, эгерде 15-кылымда Андалусияны караткан испандык христиандар аларды (сефард эврейлерин) куубаганда, 17-18-кылымдарда европалык улутчулдар аларды (ашкеназ эврейлерин) өгөйлөбөндө, 1882-жылы орусиялыктар аларды (ашкеназ эврейлерин) талап-тонобогондо жана булардын бардыгы Осмон империясына караштуу Палестинага качып келип алып, мындагы 5 пайыз жергиликтүү эврейлерди да бузбаганда…
Ошентип, 19-кылымда палестинофил сионисттердин уюму түзүлүп, алар бүткүл эврейлерди Палестинага топтоого, өздөрүнүн «илгеркидей» мамлекетин түзүүгө бел байлашкан болчу. 1-алияда (1882-1903-жылдары) 35 миң эврей көчүрүлүп келип, аларды эврей франциялык ротшильддер кредитке каржылаган. 2-алияда (1904-14) да Орусия империясынан жабыр тарткан 40 миң эврей көчүп келген. Биринчи дүйнөлүк согушта эврейлер өздөрүнүн аскерин түзүп, британ аскерлери менен бирге Палестинадан осмон аскерлерин кууп чыгышкандан кийин (1919-23) дагы 40 миң эврей келген. Британдык бай эврей ротшильддер менен Британия өкмөтү келишим түзүп (Бальфур декларациясы), Палестинаны британдыктар башкара башташкан. 4-алияда (1924-29) антисемит европалыктардан жабыркаган 82 миң эврей көчкөн. 1929-39-жылдары АКШдагы кризистен жана Германиядагы нацисттерден качып 250 миң эврей кирген.
Британия муну токтотууга канча аракет кылса да, 1933-48-жылдары Европадагы куугунтуктан, Гитлер көргөзгөн холокосттон аман калган 110 миң эврей качып келген. Сионисттер булардын жардамы менен аскерин түзүп, бай эврейлердин жардамы менен эл аралык уюмдарды көндүрүп, 1948-жылы өздөрүнүн көзкарандысыз Иzраил мамлекетин жарыялаган. Тегеректеги арап мамлекеттери дароо согуш баштаганда, алардан да бир топ эврейлер качып келишкен. СССРден болсо, согушка чейин 25 миң, согуштан кийин 200 миңге жакын эврей көчүп барган. Сионисттер ушундай жол менен калкынын санын көбөйтүп, Палестинанын аймагын толук каратып алууга ошол күндөн ушул күнгө чейин аракет кылып, экспансиясын улантууда. Армиясында эркектер 3 жыл, кыздар 2 жыл кызмат өтөгөндүгү бекеринен эмес. Алар тарых боюнча ар кайсы элдерден көргөн кордугун эстеп, буга тиешеси болбогон палестиналыктардын эсебинен адамзаттан өч алып жатышкандай…
Ысрайыл өкмөтү өз элин коңшу палестиналыктар менен согушкудай, бөтөн жерди өзүнүкүндөй көрүп тартып алгыдай кылып тарбиялоосу үчүн эмне кылды? Албетте, качып келген эврейлердин балдарына тарыхты башкача бурмалап үйрөтсө, алар ата-бабаларынын көргөн кордугуна палестиналыктар күнөөлүү деп ишенип калышат жана артка тартпай согуша берет. Алар акыйкатты билишпейт, бирок башка өлкөлөрдө Газа үчүн жан тартып чыккан ортодокс жөөттөр билишет (Ысрайылдын ичинде да өкмөт башчысынын отставкасын талап кылгандар чыкты). Израилдиктер жана аларды колдогондор өздөрүнүн ММКларынын көз карашы менен карап, өлүп жаткан балдарды «болочок терористер» деп ишенишет. Бирок, Батышта карапайым блогерлер аркылуу чындыкты көрүп, Газаны колдоп аянттарда жүрүшкөн ар кайсы диндердеги миллиондогон адамдар мунун адам укугун тепселөө экенин билишет. Газалыктарга боороруу үчүн сөзсүз мусулман болуу шарт эмес, адам болушубуз керек.
Бул кечээки эле болгон окуя эмес, бул 70 жылдан бери ушундай экенин өнүккөн мамлекеттердин өкмөттөрү жашырып келсе да, жарандык коомдору билип калышты, газалыктардын кажыбас кайраты аркылуу билишти. Илгери бир бүтүн Палестина мамлекети болсо, азыр анын көбү Израилге айланып, эки четинде гана сүрүлүп чогулган палестиндиктердин өлкөсү калды. Анын бири тегерете сионист аскерлери, бетон дубал жана деңиз менен курчалган, ортодо камалган кичинекей Газа сектору биздин Бишкектен эки эсе келген, эки миллион адамды батырган жер. Ошол жердин эли дүйнөнүн эң күчтүү эки армиясына туруштук берип жатат. Эл аралык уюмдар, демейде «ортомчу» боло коюучу ири дөөлөттөр да бул маселени чечүүдө кош стандартты карманышууда, себеби саясат, себеби байлык.
Нефтиге бай арап мамлекеттеринин жеринде байлыгынан пайдалануу үчүн тынчтыктын бузулуп туруусу үлкөн мамлекеттер үчүн мурдатан бери пайдалуу. Ысрайыл уулдары Батышка жок дегенде ушул жагынан «дос» болуп, ишке жарап жаткан учуру. Бул Британияда мурдатан пландалган саясат болчу, бирок Экинчи дүйнөлүк согуштан, Суец кризисинен кийин тизгинди АКШга тарттырып ийген. Андан бери Жакынкы Чыгыштагы «кара алтын» үчүн АКШ аскери эмнелерди гана кылбады, бирок, дагы да жетпей жаткандай. Палестинада катылган айрым нефти, газ дагы сионист аскерлери басып алгандан кийин иштетилип, Израилдин экономикасын көтөргөн. Газанын астында да ошондой чоң байлык бар экенин, сионисттер ошону ээлөөгө умутулганын айтышууда. Орусияга карата санкцияларды киргизгенин киргизип, бирок нефтиге зар боло түшкөн Батыш өлкөлөрү да буга кызыкдар болушу мүмкүн. Эми, жарандык коомдору каршы көтөрүлгөндөн кийин Батыш өкмөттөрү бул шылтоо менен Израилге көбүрөөк талап коюп, «олжодон» көбүрөөк үлүш алышар.
Дагы бир божомол боюнча, нефти ташыганга абдан ыңгайлуу болгон Суец каналына альтернатива катары Израилдин аймагынан Акаба булуңуна улай канал жасоо үчүн «Газа» деген тоскоолдукту жоюуга туура келди болушу керек. Ал эми Чыгыш мамлекеттиринин унчукпоосунда же «үрүп» тим болушунун артында жең ичинен соодалашуулар жаткандыр. Алып жетишкени унчукпай канааттанып, жетишпегени күңкүлдөп калчу эле. Эмнеси болсо да, аныгын Аллах билет.
Тарыхта дин үчүн, идеология үчүн, демократия үчүн болгон делген согуштардын бардыгы эле чынында ошол үчүн болгон эместигин билип коюшубуз бар. Көп учурларда адам баласы байлык-бийлик (дүнүйө) үчүн жаңжалдашат. Акылдуу адам тарыхтан сабак алып, бирөөнүн катасын кайталабайт. Бүгүн «коногум», «коңшум» деп тосуп алганыңдын балдары эртең бурмаланган тарыхты окуп алып, сага кол салышы мүмкүн турбайбы. Бүгүн алыс деген жерде байлык талашып согушкандар эртең сенин кен байлыгыңа көз артпайт деп ким кепилдик берет? Бүгүн убактылуу жыргалчылык үчүн бирөөнүн калпын колдоп, бирөөнүн көз жашын көрмөксөн болсоң, эртең сенин башыңа мүшкүл түшкөндө, дүйнө жүзү сени көрмөксөнгө салса кантесиң? Биздин колдон жакшы сөз (оозеки колдоо, тилек-дуба, чындыкты айтуу) гана келет, жок дегенде ошол жакшы сөзүбүздү аябайлы. Дүйнөдө болуп жаткан окуялардан кабардар бололу, анализдейли, сабак алалы, сыноолорго даяр бололу.
Тарыхчы Кыргыйбек Молдожунусов