28.1 C
Bishkek
16.06.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Эки өлкөнүн Азирети Муфтийлери кызматташтыкты бекемдөөнү талкуулашты

Эки-өлкөнүн-Азирети-Муфтийлери-кызматташтыкты-бекемдөөнү-талкуулашты

Казакстандын түштүгүндө жайгашкан Борбордук Азиядагы эң байыркы шаарлардын бири Түркстан шаарында өтүп жаткан «Түрк элдеринин ислам цивилизациясынын өнүгүшүнө кошкон салымы» аттуу эл аралык конференциянын алкагында Казакстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Наурызбай ажы Таганулы Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушууда эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөө маселеси талкууланды. Мындан тышкары Наурызбай ажы Таганулы эл аралык конференцияга келип, мазмундуу сөз сүйлөгөн Азирети Муфтий Замир кары Ракиевге ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ Түркстанда «Түрк элдеринин ислам цивилизациясынын өнүгүшүнө кошкон салымы» деген темада эл аралык конференция, ошондой эле «Муфтийлер коллегиясынын» биринчи жыйыны болуп, анда Азирети муфтийлер жана түрк тилдүү элдердин муфтийлери катышты.

Related posts

Top 7 Best Car Racing Games for PC, PS4 and XBOX One in 201

admin

Ыйык Рамазан айында кыргызстандыктар Москвада ифтарлык уюштурушту

Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев бир катар өлкөлөрдүн Муфтийлерин куттуктады

Leave a Comment