24.1 C
Bishkek
14.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Убайдулла ажы Сарыбаев борбордук Сулайман-Тоо мечитинде «Жоолугум менин сыймыгым» деген темада баяндамасын жасады

Убайдулла-ажы-Сарыбаев-борбордук-Сулайман-Тоо-мечитинде-«Жоолугум-менин-сыймыгым»-деген-темада-баяндамасын-жасады

Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев борбордук «Сулайман-Тоо» мечитинде аялдарга «Жоолугум менин сыймыгым» аттуу темада баяндамасын жасап, жоолуктун өкүмү жана анын жол-жобосу боюнча айтып берди.

«Жоолук салуу жана узун кийинүү аял затынын уялуу сезими бар экендигин билдирет. Анткени Алла Таала аялдардын дене түзүлүшүн эркектердин дене түзүлүшүнөн айырмалап койгон. Ошондой эле аялдардын табиятына, эркектерде жок болгон табигый уялуу байлыгы да берилген. Ошол табигый уялуунун себебинен аялдар жалпы түрдө эркектерден бөлүнүп жана оолак болуп жүрүшөт. Уялуу ыймандын бир бөлүгү болуп саналат. Алла Таалам жоолук салууну жалпы аялзатына, эже-карындаштарыбызга насип кылсын деп дуба кылабыз», — деди Убайдулла ажы Сарыбаев.

Иш-чаранын соңунда жоолук салынууну максат кылгандарга жоолуктар белекке берилди.

Related posts

Кара-Суу районунда ишембилик кызуу жүрүүдө

Защищено: Теңирчилик — кыргыз диниби?

admin

Куттуу Кадыр түн кечесин пайдалуу өткөрөлү,-Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов

Leave a Comment