21.1 C
Bishkek
10.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Тынчтыкбек менен Бегимай үлпөт тоюнда кортеж менен жүрүүнүн ордуна 50 мектеп окуучусун окуу курал менен камсыздашты

Тынчтыкбек-менен-Бегимай-үлпөт-тоюнда-кортеж-менен-жүрүүнүн-ордуна-50-мектеп-окуучусун-окуу-курал-менен-камсыздашты

Турмуш жолуна жаңы кадам ташташкан Тынчтыкбек менен Бегимай кортеж менен жүрүүнүн ордуна 50 мектеп окуучусуна окуу куралдарын жана керектүү жабдыктарды алып беришти.

Иш-чара  Ош облусунун мусулмандарынын казыятында өтүп, ага облус  казысы Сайдамир ажы Жейналиев, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков, «Ыйман-Бакыт» коомдук фондунун жетекчиси Талант Алмаматов, казыяттын аялдар менен иштөө адиси Жамийла Жапашова жана мектеп окуучулары катышты.

Саамалык алкагында  облус казысы эки жаштын бул кадамы ырксыз чыгымдар менен күрөшүү экендигин баса белгилеп, мындай көрүнүш башкаларга дагы үлгү болуусу керектигин билдирди.

«Учурда мамлекетибиз жана дин чөйрө ырксыз чыгымдарга бөгөт коюу боюнча тыгыз иш алып барууда. Бүгүнкү көрүнүш ысырапкерчиликке каршы күрөшүүгө салым болсо, экинчи тараптан илим-билимдин өнүгүүсүнө материалдык жактан көмөктөшүү болуп саналат. Мамлекетибизде дал ушундай жаштар көбөйө берсин», — деди облус казысы.

Related posts

«Көмөктөш бол» кайрымдуулук фонду ишке кирди.

Адилет Сыдыков

Апакем сени сагындым!. . .

Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында облус казылары жана имамдар менен жолугушуп, көйгөйлөр менен таанышты

1 comment

tiktok engagement 13.06.2025 at 05:00

When some one searches for his necessary thing, so he/she
desires to be available that in detail, thus that thing is maintained over here.

Reply

Leave a Comment