22.1 C
Bishkek
18.06.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев БТК төрагасы Бакыт ажы Нурдинов менен биргеликте пайдубалы түптөлүп жаткан казыяттан кабар алышты

Талас-облусунун-мусулмандарынын-казысы-Сулумбек-ажы-Узеналиев-БТК-төрагасы-Бакыт-ажы-Нурдинов-менен-биргеликте-пайдубалы-түптөлүп-жаткан-казыяттан-кабар-алышты

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев КМДБнын Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт ажы Нурдинов менен  биргеликте пайдубалы түптөлүп жаткан казыяттан  кабар алышты.

Облустун казысы имаратка керектелүүчү бардык материалдар демөөрчүлөр тарабынан алынып,  казыятты заманбап салуу аракети көрүлүп  жаткандыгын айтты.

«Облусубуздагы казыяттын имаратын заманбап салып, кызматкерлерге бардык шарттарды түзүп берүү аракети көрүлүүдө. Учурда демөөрчүлөр тарабынан бардык курулуш материалдары үзгүлтүксүз алынып, иш кызуу жүрүүдө»,-деди облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев.

Муну менен катар ал облустагы диний кырдаал боюнча маалымат берип, дин кызматкерлери менен биргеликте калк арасында түщүндүрүү жана агартуу иштери улантылып жаткандыгын кошумчалады.

Related posts

Азирети муфтий Кыргызстандык зыяратчылардан жеринде кабар алды

Кытай бийлиги мечиттерди жардырууну баштады

admin

«Махмуд ал-Кашгари» мечити бүттү. Көз жоосун алган курулуштун асмандан көрүнүшү

admin

Leave a Comment