15.1 C
Bishkek
12.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Сузакта жергиликтүү бийликтин катышуусунда жыйын өтүп, анда үй-бүлөнүн маанилүүлүгү жана жаштар арасындагы терс көрүнүштөрдү болтурбоо керектиги айтылды

Сузакта-жергиликтүү-бийликтин-катышуусунда-жыйын-өтүп,-анда-үй-бүлөнүн-маанилүүлүгү-жана-жаштар-арасындагы-терс-көрүнүштөрдү-болтурбоо-керектиги-айтылды

Жалал- Абад облусунун Сузак райондук администрациясынын жыйындар залында балдардын жаркын келечегин камсыздоо жана эрте никеге туруунун алдын алуу боюнча жыйын өтүп, ага райондук администрациянын башчысынын орун басары Гулмира Камбарова, айыл өкмөт башчылары, айыл башчылар , мектеп мугалимдери, Сузак районун баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаилов жана дин кызматкерлери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө райондун баш имам-хатиби ата-эненин балага болгон укуктары жана милдеттери, баланын ата- эненин алдындагы милдеттерин айтып, тарбия үйдөн башталуусу керектигин билдирди.

“Ата- Эне бала көрүүдөн мурун  адалдан тамактанып, тура жолдо жүрүүсү маанилүү. Муну менен катар наристелүү болууга даярдык көрүп, баланын тарбиясы маанилүү экендигин сезүүсү зарыл. Ата-эне балага үлгү”,-деди Жунус ажы Исмаилов.

Муну менен катар жыйында үй-бүлөнүн маанилүү экендиги, жаштар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүп, ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу керектиги айтылды.

Related posts

Катар өз аймагына кирүүгө 80 өлкөнүн жарандарына визасыз жүрүү тартибин киргизди

Адилет Сыдыков

Жандын чыгуусу азап… 

Bad Credit Shouldn’t Affect Health Insurance, Experts Say

admin

1 comment

superslot 01.07.2025 at 12:25

Hi, i think that i saw you visited my web site thus i came to “return the favor”.I am trying to find things to enhance my
website!I suppose its ok to use a few of your ideas!!

Reply

Leave a Comment