24.1 C
Bishkek
16.06.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Сузактагы Арстанбап Ата медресесинде бүтүрүүчүлөрдүн күбөлүктөрүн тапшыруу зыйнаты болуп өттү

Сузактагы-Арстанбап-Ата-медресесинде-бүтүрүүчүлөрдүн-күбөлүктөрүн-тапшыруу-зыйнаты-болуп-өттү

Кечээ, 13-июлда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Арстанбап Ата медресесинде бүтүрүүчүлөрдүн күбөлүктөрүн тапшыруу зыйнаты болуп өттү.

Бүтүрүү кечесине Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынан үгүт-насаат жана окуу бөлүмүнүн башчысы Жороев Арпидин ажы, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Нурбек Кайсарбаев, окуу-жайдын мугалимдери жана ата-энелер катышты.

Бүтүрүүчүлөр «Араб тили жана Шарият» адистиги боюнча «Имам хатиб жана мугалим» кесибине ээ болушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө медресенин окуу-тарбия иштери боюнча мүдүрдүн орун басары Акыев Бактияр бүтүрүүчүлөрдү алган билимине амал кылууга чакырды.

Related posts

Кыргыздын эки аалымы «Бүткүл Дүйнөлүк Шарияттык Координациялык Кеңешине» толук кандуу мүчө болушту

admin

Мен мусулманмын, террорчу эмесмин

Ministers Could be Forced to Make NHS Workforce Plans Public

admin

Leave a Comment