18.1 C
Bishkek
14.06.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Сайдамир ажы Жейналиев: Пенденин ыйманы таза болбойт, жүрөгү түз болмоюнча. Жүрөгү түз болбойт, тили жакшы сөз сүйлөмөйүнчө

Сайдамир-ажы-Жейналиев:-Пенденин-ыйманы-таза-болбойт,-жүрөгү-түз-болмоюнча.-Жүрөгү-түз-болбойт,-тили-жакшы-сөз-сүйлөмөйүнчө

Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев Араван районунун борбордук мечитинде район тургундары менен жолугуп, ата-энени урматтоого, кошунага жакшы мамиле кылууга, текеберликтен алыс болууга жана Ислам ибадаттарын толук аткарууга чакырды.

Иш-чарага Ош облустук казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, Араван районун башкы имам-хатиби Алибек ажы Жусупов, мечит имамдары жана Араван районунун тургундары катышты.

Иш-чарада облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев ата-энени көзү барында сыйлап калуу зарыл экенин баса белгилеп, алардын балдарына болгон акылары боюнча кеп кылды.

«Ата-эненин балдарына болгон акылары аябай көп. Мисалы: Аларга жакшы жана жумшак мамиле кылуу, тамак-ашына каралашуу, алдына озбой, артынан басуу, чакырса токтоосуз жооп берүү сыяктуу милдеттерди айтсак болот.  Аларды көзү барда сыйлап, батасын алып калуу зарыл.  Эртең кеч болуп калат. Пенденин ыйманы таза болбойт, жүрөгү түз болмоюнча. Жүрөгү түз болбойт, тили жакшы сөз сүйлөмөйүнчө. Жүрөгүбүз таза, момун пенделерден бололу», – деди облус казысы.  

Саамалык соңунда Ош облустук казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев облус казысын район тургундары менен тааныштырып, анын эмгек жолу жана аркалаган кызматтары боюнча маалымат берди.

Related posts

Депутат: 18 жаштагы кыздарды ата-энелери же күйөөсү жок чет өлкөгө жөнөтүүгө тыюу салыш керек

admin

Бул айбанаттардын сүрөттөрү жүрөгүңүзгө жылуулук тартуулайт (24 фото)

The simplest ways to choose the best oranges

Адилет Сыдыков

Leave a Comment