
Ош шаарынын мурунку казысы Убайдулла ажы Сарыбаевге Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин «Ардак баракчасы» тапшырылды. Сыйлыкты АК мүчөсү Анасхан ажы Ташхужаев тапшырып, мындан аркы иштерине ийгилик каалады. Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Убайдулла ажы Сарыбаевге «Ардактуу казы» сыйлыгы тапшырып, буга чейинки иштерине саресеп салды.
«Убайдулла ажы 2013-2022-жылдар аралыгында Ош шаарындагы жалпы мечиттердин эсептик каттоодон өтүүсүн жана мечиттерди жаңыдан реконструкциялоо иштерин, улуттар аралык ынтымакты бекемдөөдө, жаштарга таалим-тарбия берүү жаатында Куран окуу борборлорун ачып, диний билимди жогорулатуу иштеринде чоң эмгектерди жасады. Муну менен катар улуттар аралык достуктун бекемделүүсүндө абдан чоң жумуштар аткарылды. «Адамга ыракмат айта албаган Аллага ыракмат айта албайт»,-дейт. Биз ар бир эмгекти баалашыбыз керек. Мына ушунда өнүгүү, өсүү болот»,-деди Азирети Муфтий.
Ушундай эле сыйлык Ош шаардык мэриясы тарабынан тапшырылып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен иш алып барууда өзүнүн орду бар экендиги айтылды.

2 комментарий
Hello, this weekend is pleasant designed for me, since this point in time
i am reading this enormous informative article here at my home.
Oh my goodness! Amazing article dude! Thank you, However I am encountering difficulties with your RSS.
I don’t understand the reason why I am unable to
join it. Is there anybody else having identical RSS problems?
Anyone that knows the answer can you kindly respond?
Thanx!!