20.1 C
Bishkek
14.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Ёркинжан кары Фазиловдун көз жумгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтты

Ош-шаарынын-казысы-Убайдулла-ажы-Сарыбаев-Ёркинжан-кары-Фазиловдун-көз-жумгандыгына-байланыштуу-анын-үй-бүлөсүнө,-жакындарына-көңүл-айтты

Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Кыргызстан жана Өзбекстанга белгилүү дин аалымы Ёркинжан кары Фазиловдун көз жумгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана санаалаш досторуна терең кайгыруу менен көңүл айтат.

«Ёркинжан кары Фазилов дин үчүн мээнет кылган инсандардан эле. Ал көп жылдан бери Ислам динине жигердүү кызмат кылып келген. Акыркы жолугушуубузга бир күн болуп, болбой суук кабарды уктук. Анын шакирттерине, санаалаш досторуна жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз»,-дейт шаар казысы.

Эскерте кетсек, Ёркинжан кары Фазилов Өзбекстан Республикасынан Кыргызстанга  Аалымдарды зыярат кылуу үчүн келип, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев менен жолугушуп, андан соң Баткен облусунун Кадамжай районуна көптөгөн шакирттерди чыгарган белгилүү дин аалымы Молдо Ахун ажыны зыярат кылуу үчүн жолго чыгып, авто кырсыктан каза тапты.

Алла Таала Ёркинжан кары Фазиловду Өз мээримине алып, күнөөлөрүн кечирип, бейиши  менен сыйласын.

Related posts

Rvssian Shares Cameo Video are From ‘The Tinder Swindler’

admin

Ысык-Көл облусунан ажылык ибадатын аткаруу үчүн жөнөп жаткан жарандарга сабактар өтүлүүдө

Марс Ибраев, КИУнун ректору: «Интернетти шейх кылгандар көп»

Leave a Comment