
Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев иш сапары менен Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарына барып, Өзбекстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Нуриддин ажы Халикназаров менен жолугушту.
Эки тараптуу жолугушууда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Замир кары Ракиевдин өзбек элине берекелүү Рамазан айындагы куттуктоосун жана саламын жеткирди.
Ошондой эле эки элдин достугун, ынтымагын бекемдөө максатында семинарларды, конференцияларды, диний иш-чараларды биргеликте өткөрүү жана Орто Азияга белгилүү дин аалымдарын эскерүү ишин уюштуруу боюнча пикир алышты.

1 comment
Hello there! This post couldn’t be written any better!
Reading through this post reminds me of my old room mate!
He always kept talking about this. I will forward this page to him.
Fairly certain he will have a good read. Thank you for
sharing!