
Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Шабиров Жапар Шабирович атындагы Республикалык окуу борборунун Ош шаарындагы филиалында окуган курсанттар менен жолугушту.
Жолугушуунун алкагында шаар казысы милиция кызматына талапкер болуп окуп жаткандар жаштарга ысырапкорчулук жана үй-бүлө баалуулуктары боюнча баяндама жасап, окууларына ийгилик каалады.
Аталган иш-чарага Ош шаардык кеңешинин депутаты Айтбаев Арыпбек катышып, ысырапкорчулук боюнча өлкө башчысынын жарлыгы чыккандан тарта шаарда жүргүзүлүп жаткан жумуштар боюнча маалымат берип, түшүндүрүү иштерине жаштардын да активдүү катышуусу зарыл экендигин айтты.

1 comment
Nice blog here! Also your site loads up fast! What
web host are you using? Can I get your affiliate link to your
host? I wish my site loaded up as quickly as yours lol