Ош шаарындагы Туран муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Гүлнур Муслима
1 Min Read

Ош шаарындагы Туран муниципалдык аймактык башкармалыгынын Хабиб Абдуллаев атындагы орто мектебинин жыйындар залында  ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлдү.

Жыйында Ак-Буура батыш хатибиятынын баш имам хатиби Исак ажы Юнусов жаназа намазына мусулмандык милдетти аткарып,  сооп үчүн баруу керектигин баса белгиледи.

«Убактылуу дүйнөдө сооп табууга аракет кылып, ар кандай ысырапкорчулуктан алыс болуубуз керек. Эл жаназа намазына сооп табуу үчүн, Алла Тааланын ыраазылыгына жетүү үчүн келиши керек. Бул жаатта элибиз дагы туура түшүнүшү керек. Сооп жеткирүүнүн түрү көп», — деди Исак ажы Юнусов.

Автор

[ruby_related total=5 layout=5]

[ruby_static_newsletter]
Пикир калтырыңыз