20.1 C
Bishkek
14.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» балдар медресесин 41 бүтүрүүчү аяктап, сертификаттарга ээ болушту

Ош-шаарындагы-«Сулайман-Тоо»-балдар-медресесин-41-бүтүрүүчү-аяктап,-сертификаттарга-ээ-болушту

Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» балдар медресесинин бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшыруу аземи болуп, ага шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Исакбай Мурзабеков, Ош шаардык мусулмандар казыятынын окуу бөлүм адиси  Номан уулу Муктарбек, «Умму Мухаммад» медресесинин мүдүрү Кутманбек  Орунбаев, «Сулайман-Тоо» медресесинин мугалимдери жана бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери катышты.

Салтанаттуу иш-чарада 41 бүтүрүүчүгө  имам хатиб жана шарият илимдери боюнча даярдык курсун толук аяктагандыгын тастыктоочу күбөлүктөр тапшырылды.

Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев бүтүрүүчүлөрдүн мындан аркы иштерине ийгилик каалап, ак батасын берди.

«Талыкпастан терең билим алдыңыздар. Жараткан Алла илимиңердин берекесин берип, көптөгөн окуучуларды чыгарыңыздар. Келечектеги муундарга ыйман, адеп-ахлак, кулк-мүнөз жаатында сабак бериңиздер. Балдарынын тарбиясына кайдыгер карабастан, окуп калуусуна себепчи болгон ата-энелерине да терең ыраазычылык билидирем»,-деди шаар казысы.

Муну менен катар шаардык казыят билим берүү жаатында эмгектенип келишкен  «Сулайман-Тоо» медресесинин окуу бөлүмүн жетекчиси Абдулхаким уулу Амирбекке,   Манас уулу Кутман каарыга жана Хакимов Мирхакимге ыраазычылык барактарын тапшырды.

Related posts

Бишкекте 11 мамлекеттин катышуусунда «Куран жазы» Эл аралык Куран жарышы башталды

How to have fantas tic trip without blowing your budget

admin

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематилла ажы Жээнбеков райондук баш имам-хатибдер менен жолугушуп, бир катар тапшырмаларды берди

1 comment

Merle Challberg 11.11.2024 at 13:46

It?¦s truly a great and useful piece of info. I am glad that you shared this helpful information with us. Please stay us informed like this. Thank you for sharing.

Reply

Leave a Comment