21.1 C
Bishkek
10.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Ош шаарындагы «Молдо Шакир» мечитинин жамааты тарабынан чек арадан жабыркаган Баткен элине жардам берилди

Ош-шаарындагы-«Молдо-Шакир»-мечитинин-жамааты-тарабынан-чек-арадан-жабыркаган-Баткен-элине-жардам-берилди

7-май күнү Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу «Молдо Шакир» мечитинин имамы Рыскелди уулу Кыялдын демилгеси менен калаадагы унаа тетиктер базарынын соодагерлери 250 миң сом чогултуп, Баткендеги чек арадагы окуядан каза болгон 25 жарандын үй-бүлөсүнө 10 миң сомдон жардам көрсөтүштү.

Бул каражатты имам Баткен жергесине барып, каза болгон адамдардын жакындарына көңүл айтып, Куран окуп, дуба кылды. 

-Баткен — 5 үй-бүлө;

— Лейлек — 4 үй-бүлө;

— Каут — 5 үй-бүлө; 

— Кызыл жол — 3 үй-бүлө;

— Бужум — 4 үй-бүлө; 

— Кызыл бел — 2 үй-бүлө.

Эскерте кетсек, «Молдо Шакир» мечити Ош шаарындагы Кудайберген унаа тетиктер базарынын ичинде жайгашкан. Буга чейин 2020-жылы да имамдын демилгеси менен соодагерлер шаардык ооруканага 200 миң сомдук жардам көрсөтүшкөн эле.

Related posts

Максат кары Сидиков: Биз орозо айын кандай өткөрсөк, жылды дагы ошондой өткөрүшүбүз керек

Ош облусунда Курандын 15 жана 30 параларын жатка окуу боюнча тандоо туру өттү

Бишкекте VI адал азыктарынын жарманкеси өтүүдө — ФОТО

Leave a Comment