24.1 C
Bishkek
13.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Ош шаарындагы «Козу кызы Бурмакан» атындагы аялдардын диний окуу борборунун бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшыруу аземи өткөрүлдү

Ош-шаарындагы-«Козу-кызы-Бурмакан»-атындагы-аялдардын-диний-окуу-борборунун-бүтүрүүчүлөрүнө-сертификаттарды-тапшыруу-аземи-өткөрүлдү

Бүгүн, 12-июль күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Ош шаарына жасаган расмий иш сапарынын алкагында «Козу кызы Бурмакан» атындагы аялдардын диний окуу борборунун бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшыруу аземине катышты.

2020-2021-окуу жылында жалпы 78 студент бүтүрдү. Анын ичинен 52 студентке Куранды толук жаттагандыгын тастыктоочу сертификаттар тапшырылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Козу кызы Бурмакан» атындагы аялдардын диний окуу борборунун тарыхы боюнча кыскача видео ролик тартууланды.

Бүтүрүү кечесине Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев, Өзбекстан Республикасынан Ташкент шаарынын казысы Нуриддин ажы Халикназаров, КМДБнын Москвадагы өкүлү Сүйүн ажы Жусубалиев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Баткен, Жалал-Абад, Ош облусунун жана Ош шаарынын казылары катышты.

Саамалыкта Азирети Муфтий диний окуу борборду аяктаган бүтүрүүчүлөргө билим алуунун зарылдыгы тууралуу баяндамасын айтып, ийгилик каалады.

«Билимсиздик адамды караңгылыкка, ошол эле учурда адашууларга алып келет. Көп окуган адам жигердүү жашоо образына ээ болуп, ааламдагы жанга жагымдуу маалыматты көрө билет. Андыктан коомубузга билимдүү, илимдүү жаштарыбыз көп болсун! Биз билим алуу менен гана көптөгөн ийгиликтерге жете алабыз»,-деди Азирети Муфтий.

Related posts

How childhoods viral infections may year 2021 Section

admin

Баткен облустук казыяты жана Кажамдай райондук хатибияты Баткен районунун Суу бою Карабак айылына кайрымдуулук жардам көрсөттү

Түркияда президент баш болгон 313 миң мусулман таравих намазын окушту

Адилет Сыдыков

Leave a Comment