32.1 C
Bishkek
16.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Ош шаарындагы дин кызматкерлерине Куран китеби таратылды

Ош-шаарындагы-дин-кызматкерлерине-Куран-китеби-таратылды

Кечээ, 6-майда борбордук «Сулайман-Тоо» мечитинде Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу дин кызматкерлерине Ыйык Куран китеби таркатылды.

Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Куран ар дайым окулуп туруусу керек. Куран эң көп окулган жер — бул диний окуу жайлар экендигин баса белгиледи. 

«Бул Куранды акысыз таратылды. Анткени анын акысын ар дайым окуу менен актайсыздар. Окулбай туруп калбасын. Өзүңүз окубасаңыз, окуй турган адамдарга бериңиздер. Мына ошондуктан диний окуу жайларда мечиттерге салыштырмалуу Куран жаттаган карылар үчүн көбүрөөк бөлүгүн берүүнү туура көрдүк»,- деди шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев.

Айта кетсек, Куран китеби Кыргызстан мусулмандарынын Лин башкармалыгы тарабынан келип, Ош шаарындагы 81 мечит, 3 медресе, 12 диний окуу борборго таркатылды.

Related posts

Өзгөндүн Кызыл-Тоо айыл өкмөтүндө жаш жеткинчектер үчүн Куран окуу курсу жыйынтыкталып, кызыктыруучу белектер тапшырылды

Тамашалап кыжалат кылуу же калп айтуу бул АРАМ

Адилет Сыдыков

Нуридин ажы Мамасабиров: Рамазан айында муктаждар үчүн колдон келген жардамды аябашыбыз керек

Leave a Comment