
Ассаламу алайкум ва рохматуллоохи ва барокаатух! Урматтуу мусулман бир тууганым! Сиздерди жан дүйнөнү арууланткан, ынтымакты, биримдикти, кечиримдүүлүктү жана мээримдүүлүктү тартуулаган Орозо Айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Касиеттүү Орозо Айт – дүйнөдөгү бүткүл мусулмандардын ыйык деп эсептелген эки майрамынын бири. Бул күндү бардык мусулмандар майрамдык маанай менен тосушат. 30 күн бою орозо кармап, тилибизди, дилибизди, жүрөктөрүбүздү жана руханий дүйнөбүздү ыйман нуру менен нурдантты жана арууланатты.
Ардактуу мусулмандар!
Мындан бир ай мурун берекенин, кечиримдүүлүктүн айы болгон ыйык Рамазан айы кирип келген эле. Жаратканга шүгүрлөр болсун бул айда журтубуз садака-эхсандарын жасашып, бири-бирине жакшы сөздөрдү айтып, күнөөлөрдөн арылуу максатында тообо кылышты.
Рамазан айы — өзүбүздүн напсибиз менен күрөшүүнү баарыбызга үйрөттү. Жараткан Аллах Улуу Рамазан айында туткан орозолорубузду, кылган ибадаттарыбызды кабыл кылып, баарыбызды келээрки жылы ушул ыйык айда сак-саламат көрүшүүнү насип кылсын!
Орозо Айтыңыздар маарек болсун!
Сиздерди терең урматтоо менен Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев.
1 comment
That is a very good tip especially to those new to the blogosphere.
Brief but very precise information… Many thanks for sharing this one.
A must read post!