15.1 C
Bishkek
12.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев Ханафий мазхабы боюнча Курмандыктын өкүмдөрү жөнүндө маалымат берди

Ош-облусунун-мусулмандар-казысы-Сайдамир-ажы-Жейналиев-Ханафий-мазхабы-боюнча-Курмандыктын-өкүмдөрү-жөнүндө-маалымат-берди

Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев  Кара-Суу районунун борбордук мечитинде Ханафий мазхабы боюнча Курмандыктын өкүмдөрү жөнүндө  маалымат берди.

  1. Курмандык чалуунун биринчи жана акыркы убактысы :

Курмандык чалуунун биринчи убактысы, курман айттын биринчи күнү эгер шаарда союлса айт намазынан кийин. Ал эми шаардан башка жерде (айыл-кыштакта, жайлоодо) союлса, таң аткан убакыттан башталат.

Акыркы убактысы Курман айттын үчүнчү күнү күн батканга чейин. Ал убакка жетише албай калган адам эгер бай болсо, ошол курмандыкка чалына турган малдын акчасын садака кылат. Аны сатып алган болсун же өзүнүн короосундагы малы болсун айырмасы жок. Ал эми бай эмес болсо, курмандыкка чалына турган малдын акчасын эмес өзүн тирүүлөй садака кылат.

  1. Курмандык үч түрдүү малдан гана союлат
  1. Кой-эчки. Кой алты ай же андан жогору, эчки бир жашар болусу зарыл.
  2. Уй (Топоз). Эки жашар болуусу кажет.
  3. Төө. Беш жашар болуусу керек.

Кандай мал жарайт, кандай мал жарабайт?

Айланбаш,  мүйүзү жок жана бычылган  мал жарайт. Ал эми арык, көтөрөм, чолок, кулагынын, куйругунун же көзүнүн үчтөн биринен көбү жок болсо жарабайт.

Related posts

Исфанада жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, дин кызматкерлеринин катышуусунда жыйын өтүп, анда ысырапкерчиликти токтотуу маселеси каралды

Баткен облусунун бардык жума окулган мечиттеринде элди алдыдагы шайлоого карата биримдикти сактоого чакырган хутбалар айтылды

Москвада эмгектенип жүргөн акын кыргыз аалымдарына арнап ыр жазды

admin

Leave a Comment