15.1 C
Bishkek
12.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев Аравандагы мечит имамдарына жыйын өтүп, алардын суроолоруна жооп берди

Ош-облусунун-мусулмандар-казысы-Сайдамир-ажы-Жейналиев-Аравандагы-мечит-имамдарына-жыйын-өтүп,-алардын-суроолоруна-жооп-берди

Ош облусунун Араван райондук хатибиятында мечит имамдарына жыйын өтүп, КМДБ тарабынан бекитилген буйруктарга бекем болуу, жума темаларынын негизинде баян кылуу, каттоодон өтө элек мечиттерди мыйзамдаштыруу, жоопкерчилик жана бирдиктүү системада иш алып баруу маселеси каралды.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев, орун басары Нурбек кары Орунбаев, Араван районунун башкы имам-хатиби Алибек ажы Жусупов жана мечит имамдары катышты.

Жыйында облус казысы Муфтият, казыят жана хатибияттардан келген буйруктарга бекем болуу зарыл экенин баса белгилеп, имамдарды жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

«Бардык имамдар бирдиктүү, бир тартипке баш ийип жана бир пикирде болсок туура болот. Жума намаздарында КМДБ тарабынан бекитилген темалардын айланасында кеп кылсак», – деди Сайдамир ажы Жейналиев.

Ал эми Ош облустук казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев каттоодон өтө элек мечиттерди мыйзамдаштыруу зарыл экенине токтолду.

«СССР доорунда бузулбаган мечиттерибиз бар эле. Себеби алардын юридикалык күчкө ээ болгон документи бар болчу. Учурда мамлекетибизде дин тутуу эркиндиги каралган. Мечитти куруп анан анын документине чуркабай, документти бүтүрүп анан мечитти куруу зарыл», – деди Нурбек кары Орунбаев.

Related posts

Ош облусунун казысы Оштогу бир нече балдар үйүн зыярат кылды

Top 7 Best Car Racing Games for PC, PS4 and XBOX One in 201

admin

Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Өзбекстандын Азирети Муфтийи менен жолугушуп, кызматташууну сүйлөштү

1 comment

مرکز آنلاین تعمیرات شلوار مردانه 29.06.2025 at 11:46

I blog frequently and I genuinely appreciate
your content. Your article has really peaked my
interest. I’m going to bookmark your website and keep checking for
new details about once a week. I subscribed to your RSS feed too.

Reply

Leave a Comment