18.1 C
Bishkek
14.06.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев Алай райондук хатибият кызматкерлери жана мечит имамдарынан кабар алды

Ош-облусунун-казысы-Сайдамир-ажы-Жейналиев-Алай-райондук-хатибият-кызматкерлери-жана-мечит-имамдарынан-кабар-алды

Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев Алай райондук хатибият кызматкерлеринин ишмердүүлүгү менен таанышкан соң райондун карамагындагы мечит имамдары менен жолукту. Сайдамир ажы сооптуу жана жооптуу ишти аркалаган кызматкерлерге ыраазычылык билдирди:

«Имам болуш оңой иш эмес. Азыр фитна көп, илимдүүлөр да көп. Чала-чарпыт окуп алгандар жана жаңылыш булактардан маалымат алгандар аз эмес. Ошондуктан илим алууга катуу көңүл буруңуздар. Пайгамбарыбыздын (САВ): «Илим алуу бешиктен мазарга чейин» деген хадисине ар бирибиз амал кылышыбыз керек. Буюрса, имамдардын диний сабаттуулугун көтөрүүгө багытталган семинарларды жана сабактарды баштайбыз. Эч кимиңиздер кайдыгер карабай, активдүү катышып бериңиздер», – деди облус казысы.

Иш-чарага казыдан сырткары анын орун басары Нурбек кары Орунбаев, Алай районунун башкы имам-хатиби Тиллабай ажы Кадыров, хатибият кызматкерлери жана мечит имамдары катышты.

Related posts

Instant Pot Recipes That Make Meals Lot Easier

admin

КМДБнын фатва бөлүмү Аалымдар Кеңешинин фатва комитети менен биргеликте үй-бүлө институтун бекемдөө, нике, үшүр, курмандык чалуу боюнча атайын отурум өткөрдү

Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жайыл районунун борбордук мечитинин курулушуна капсула салуу иш-чарасына катышты

Leave a Comment