32.1 C
Bishkek
16.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев кыргызтандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

Ош-облусунун-казысы-Сайдамир-ажы-Жейналиев-кыргызтандыктарды-Курман-айт-майрамы-менен-куттуктады

Ассаламу алайкум ва рохматуллоохи ва барокатух! Урматтуу мекендештер,  кадырлуу агайындар, аталар, апалар, ага-ини, эже-карындаштар!

Сиздерди ыйык, берекелүү, бардык мусулмандардын башын бириктирген Курман айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Бул күнү мусулмандар бири-бирине кубаныч тартуулап, бир туугандык мамилени күчөтөт. Берешендиктин сыпаты болгон Курман айт майрамында тууган урук, колу-коңшулар менен болгон карым-катнаш артат. Эң башкысы Кудуреттүү Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн өзү жакшы көргөн мал жандыгын курмандык кылат. Сүйүүнүн мал-мүлккө эмес, Жалгыз Аллага экенин далилдеп, ага дуба кылынат. Жакыр, колу жука үй-бүлөлөр эттин даамын татып, кубанычка бөлөнүшөт. 

Улуу Аллах үй-бүлөңүздөргө тынтык, береке, аруулук тартууласын. Чалган курмандыктарыңызды, кылган садака-ихсандарыңызды Жараткан Аллах кабыл кылсын. Мамлекетибизде дайыма тынчтык, туруктуулук,  өнүгүү болсун.

Айтыңыз маарек болсун!

Сиздерди терең урматтоом менен, Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев.

Related posts

«TYVcoin өтө кооптуу!» Ал мыйзам жакшы иштебеген өлкөлөрдө активдешип жатат

admin

Кыргызстандын исламий уюм,коом,институт, ММК, борборлору Мьянмадагы кырдаал боюнча билдирүү жасады

admin

Ош шаарындагы «Аль-Фаарук» мечитинин жанына атайын Куран окуу бөлмөсүнүн ачылышы болду

1 comment

RJPWINSLOT 22.06.2025 at 15:59

Hi, just wanted to say, I liked this article. It was funny.
Keep on posting!

Reply

Leave a Comment