15.1 C
Bishkek
12.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев Ноокат районунун мечит жамааты менен жолугуп, мазхаб кармануунун зарылдыгы боюнча баяндама жасады

Ош-облусунун-казысы-Сайдамир-ажы-Жейналиев-Ноокат-районунун-мечит-жамааты-менен-жолугуп,-мазхаб-кармануунун-зарылдыгы-боюнча-баяндама-жасады

Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев Ноокат районунун борбордук мечитинде жергиликтүү тургундар менен жолугуп, мазхаб кармануунун зарылдыгы боюнча баяндама жасады.

Иш-чарада алгач Ноокат районунун башкы имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиевди жергиликтүү тургундар менен тааныштырып, анын диний чөйрөгө кошкон салымы жана ишмердүүлүгү боюнча кыскача маалымат берди.

Андан соң Ош облусунун мусулмандар казысы мазхаб кармануунун зарылдыгы, талаптары жана эрежелери боюнча баяндамасын жасады.

«Сүннөт ээлери негизинен туура деп эсептелген төрт мазхабды карманып келишкен. Биздин ата-бабаларыбыз дагы ушул мазхабдардын арасынан бирөөсүн, тактап айтканда ханафи мазхабын карманып келишкен. Мазхабы жок адам адашат. Бир мазхабды кармануу өзүн мусулман деп эсептеген ар бир момунга важип болуп саналат», – деди Сайдамир ажы Жейналиев.

Related posts

Greenpeace ГМО(Гендик Модификацияланган Организмдерди) камтыган азыктардын кара тизмесин сунуштады.

Top Search Engine Optimization Strategies!

admin

Фетхуллах Гүлен: «Аракандык мусулмандар үчүн жүрөгүбүз өйүп турат»

admin

1 comment

contacts backup 25.06.2025 at 22:20

Good information. Lucky me I came across your site by accident (stumbleupon).
I have saved it for later!

Reply

Leave a Comment