20.1 C
Bishkek
14.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Ош облусунун казысынын орун басары практиканттарды кабыл алып, акыл-насаат жана кеп-кеңештерин айтты

Ош-облусунун-казысынын-орун-басары-практиканттарды-кабыл-алып,-акыл-насаат-жана-кеп-кеңештерин-айтты

ОшМУнун теология факультетинин жана колледжинин студенттери Ош облустук мусулмандарынын казыятына практикага чыгышты. Аларды казыяттын жамааты кабыл алып, облустук идара жана аппарат менен тааныштырды.

 «Теология факультетинде биз сыйлаган илимдүү мугалимдер бар. Силердин ошондой терең билимдүү кишилердин колунда окуп жатканыңар суктанарлык көрүнүш жана чоң мүмкүнчүлүк. Буга чейин да теология факультетинен казыятка келип, практика өтөп кеткен улан-кыздар болгон. Алар өздөрүнүн үлгүлүү жүрүм-туруму, адеп-ахлагы жана жоопкерчиликтүү мамилеси менен эсте калышты. Силер да ошолордой жоопкерчиликтүүлүк жана ыкластуулук менен өзүңөргө берилген иштерди жана тапшырмаларды так аткарып, зор тажрыйбага ээ болосуңар деп ишенем», – деди Алибек ажы Жусупов.

Эскерте кетсек, аймактардагы казыяттарга практикага чыккан теология факультетинин жана колледжинин студенттери казыятта практика өтөөдөн сырткары мечиттерге жана медресе-институттарга (ДОЖ) бөлүштүрүлөт.

Related posts

Жалал-Абадда 7-апрель элдик революциясында курман болгондорго багышталып Куран окулду

Каракол шаардык «Иброхим ажы» борбордук мечитинин имамы ысырапкерчиликке жол бербөөгө чакырды

Кыргызстан аалымдар кеңеши көңүл айтуу катын жолдоду

Адилет Сыдыков

1 comment

binance us registracija 06.06.2025 at 08:25

Can you be more specific about the content of your article? After reading it, I still have some doubts. Hope you can help me.

Reply

Leave a Comment