32.1 C
Bishkek
16.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Ош облустук мусулмандар казыяты Баткен элине 1000000 сомдон ашуун жардам көрсөттү

Ош-облустук-мусулмандар-казыяты-Баткен-элине-1000000-сомдон-ашуун-жардам-көрсөттү

Бүгүн, 12 – май күнү Ош облустук мусулмандар казыяты өзүнүн карамагындагы хатибият жана мечит жамааттары менен биргеликте чек ара окуясынан жабыр тарткан Баткен элине 1000000 сомдон ашуун күнүмдүк жашоого керектелүүчү азык-түлүк, кийим-кече, көрпө-журкан жана үй тиричилигине керектүү буюмдарды жеринде тапшырышты.

Буга чейин Ош облустук мусулмандар казыятына таандык «Беш-Капа» жана «Фисабилиллах» мечиттери жамааты менен материалдык жармдам жөнөтүшкөн.

Кайрымдуулук иш-чарасына Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, Баткен облусунун мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратов жана казыяттын эмгек жамааттарынан катышты.

«Буга чейин дагы Ош облус аймагына карамагындагы мечиттер жардам берип келүүдө. Бүгүнкү кайрымдуулук жардамга райондук хатибдер жана мечит имамдарынын салымы чоң. Буюрса мындан ары дагы ар кандай материалдык колдоолорду үзбөйбүз. Мамлекетибизде тынчтык, амандык болсун», — деди облус казысы Самидин кары Атабаев.

Related posts

Самидин кары Атабаев: Курман айт биринчи кезекте Аллага жакындоого шарт түзсө, кийинки кезекте адамдар менен жакшы мамиле күтүүгө себеп болот

Өзгөндө маркумду акыркы сапарга узатуу боюнча шарияттык эрежелер түшүндүрүлүп, эл менен жолугушуулар уланууда

A good ride can get you far through the day

Адилет Сыдыков

Leave a Comment