15.1 C
Bishkek
12.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Ош облустук казыяты тарабынан көзү азиздерге 30 даана отургуч, 10 ручкалуу Куран жана принтер белек кылынды

Ош-облустук-казыяты-тарабынан-көзү-азиздерге-30-даана-отургуч,-10-ручкалуу-Куран-жана-принтер-белек-кылынды

Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев баштаган казыят жамааты «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр» коомунун түштүк аймактык областтар аралык башкармалыгынан кабар алды. Облустук казыяттын атынан башкармалыкка 30 даана жаңы отургуч тапшырылды.

Андан соң казы баштаган казыят жамааты Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» медресесин зыярат кылып, көзү азиздер үчүн ачылган Куран окуу курсу менен жеринде таанышты. Анын алкагында казыяттын атынан көзү азиздерге ылайыкталган 10 даана ручкалуу Куран жана принтер белек кылынды.

«Сиздер Алла Таала жиберген сыноону сабырдуулук менен жеңип келе жаткан күчтүү инсансыздар. Куранды үйрөнүү, динди таануу боюнча кылып жаткан бардык аракетиңиздерге Алла Таала ыраазы болуп, акыретте Өзүнүн жамалын көрүүнү насип кылсын. Муңайбай, чарчабай-чаалыкпай, илим алууну уланта бериңиздер», – деп билдирди Сайдамир ажы.

Облус казысы көзү азиздер үчүн шарт түзүп, атайын бөлүм ачып берген Ош шаарынын «Умму Мухаммад» медресесинин мүдүрү Кутманбек ажы Орунбаевге ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады.

Related posts

Ажылыкка каттоо үстүбүздөгү жылдын 15-май, РСК банкынын иш убактысы бүткөнгө чейин узартылды

Чагыштыруучунун зыяны, кесепети.

Коом кандай болсо, мусулманы ошондой болот

1 comment

binance Sign Up 06.11.2024 at 08:29

Your point of view caught my eye and was very interesting. Thanks. I have a question for you.

Reply

Leave a Comment