32.1 C
Bishkek
16.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Ош облустук казыятында Баткен элине жардам көрсөтүү маселеси каралды

Ош-облустук-казыятында-Баткен-элине-жардам-көрсөтүү-маселеси-каралды

Ош облусунун мусулмандар казыятында чек ара окуясынан жабыр тарткан Баткен элине жардам берүү, Рамазан айынын акыркы мөөнөттөрүн туура пайдалануу жана коронавирус илдетин алдын алуу масктасында мечиттерде атайын санитардык нормаларды сактоо маселеси каралды.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, казыяттын эмгек жамааты жана облус аймагына караштуу райондордун башкы имам хатибдери катышты.

Иш-чара алгач Баткен окуясында шейит кеткен маркумдардын урматына Куран окуу менен башталып, андан соң облус казысы Самидин кары Атабаев окуядан жабыр тарткан карапайым калкка материалдык жардам көрсөтүү зарылчылыгына токтолду.

«Бардыгыбыздын башыбыздан оор күндөр өтүүдө. Окуядан жабыр тартып, жакындарын жоготкон Баткен элине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жараткан Аллах бейиш менен нурдантсын. Жаратканга шүгүрлөр болсун элибизден айланса болот. Жардам берүүдө, кыйынчылык башка түшкөндө биримдигибизди жана бүтүндүгүбүздү көрсөтүүдөбүз. Кудай буюрса тез аранын ичинде Баткен элине материалдык жардам көрсөтөбүз»,-деди облус казысы Самидин кары Атабаев.

Related posts

Бишкек шаарынын казысы Самидин кары Атабаев Кыргызстан Ислам университетине барып, окутуучуларды куттуктады

African Nation Are Strugling To Save Their Wildlife

admin

Куран менен ойнобогула! Күнүмдүк жыргалчылык жана саясый упай топтоо үчүн Алла Тааланын ыйык сөзүн булгабагыла жана бурмалабагыла!

Leave a Comment