33.1 C
Bishkek
13.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Нарын облусунун казысы Эрик Молдокулов иш сапары менен Кочкор, Жумгал райондорунда болуп, имамдардын көйгөйлөрүн укту

Нарын-облусунун-казысы-Эрик-Молдокулов-иш-сапары-менен-Кочкор,-Жумгал-райондорунда-болуп,-имамдардын-көйгөйлөрүн-укту

Кечээ, 23-сентябрь күнү Нарын облусунун казысы Эрик Молдокулов Кочкор, Жумгал райондоруна жасаган иш сапарынын алкагында жергиликтүү имамдар менен жолугушту.

Анда орчундуу маселелерди талкуулап, айрым иштерди биргеликте кеңешүү жолу менен чечүү керектигин баса белгилеп, мечиттердин каттоосун тез арада бүтүрүү талабына койду.

Мындан тышкары жашы жете элек өспүрүмдөргө нике кыйуудан оолак болуу, мечиттердин тазалыгына көңүл буруу, эл менен болгон мамилени арттыруу, жаштар жана мамлекеттик кызматкерлер менен биргеликте  тыгыз иш алып барууга чакырды.

Ошондой эле кирип келген күз айында үшүр маселесин элге түшүндүрүп, үшүр жыйноо тапшырмасы  берилди. Мындан тышкары  алдыда өтө турчу “БАКЫТ ОРДОСУ, ӨЧПӨС ӨМҮР, ЫЙМАН БУТАКТАРЫ” аттуу китеп окуу конкрусуна баардык имамдардын активдүү катышууга чакырды.

                                            

Related posts

7 ПРИЧИН ПОЧЕМУ ХАНАФИТСКИЙ МАЗХАБ САМЫЙ РАСПРОСТРАНЁННЫЙ ✅

Францияда январь айында мечиттерде ачык эшик күндөрү өтөт

Азирети Муфтий Замир кары Ракиев дин аалымы Бауыржан Али уулунун ааламдан өткөндүгүнө байланыштуу казак элине көңүл айтты

Leave a Comment