15.1 C
Bishkek
12.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Нарында дин аалымдарынын катышуусунда «Адамзат Сени Даңазаласын» аттуу ыйман кечеси өттү

Нарында-дин-аалымдарынын-катышуусунда-«Адамзат-Сени-Даңазаласын»-аттуу-ыйман-кечеси-өттү

Нарын облусунун мусулмандар казыяты жана Адеп Башаты диний уюму «Адамзат Сени Даңазаласын» аттуу ыйман кечесин  Нарын драма театрында уюштурду. Ыйман кечесине Нарын облусунун казысы Эрик ажы Молдокулов, Нарын облусунун экс-казысы Мамбетасан ажы Ибраев, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Марс ажы Ибраев, Адеп Башаты диний уюмунун Нарын филиалынын жетекчиси Алтынбек Жумалиева жана бийлик өкүлдөрү катышышты.

Ыйман кечесинде Куран окулуп, таасирлүү баяндамалар айтылып, Пайгамбарыбыздын оозунан чыккан куттуу хадистери байма-бай айтылды. Муну менен катар адамга мисал бере турган сахналаштырылган турмуш сабактары коюлду.  Ушул эле күнү  Нарын облустук казыяты тарабынан уюштурулган «Азирети Фатима–аруулуктун өрнөгү» аттуу китеп окуу сынагынын жыйынтыгы да чыгарылып, катышуучулар сыйланышты.

Related posts

Абдүшүкүр ажы Нарматов: «АРАКТЫН КЕСЕПЕТИ ҮЧҮН АЛЛА ТААЛА 10 ТҮРДҮҮ АДАМГА КАРГЫШ АЙТКАН»

Асан Тойчиев

Нарындагы дин кызматкерлери «Билимдүү имам» аттуу 2 күндүк окуу семинарына катышууда

A good ride can get you far through the day

Адилет Сыдыков

1 comment

binance konto 17.06.2025 at 08:13

Your point of view caught my eye and was very interesting. Thanks. I have a question for you.

Reply

Leave a Comment