15.1 C
Bishkek
12.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Нарындагы дин кызматкерлери «Билимдүү имам» аттуу 2 күндүк окуу семинарына катышууда

Нарындагы-дин-кызматкерлери-«Билимдүү-имам»-аттуу-2-күндүк-окуу-семинарына-катышууда

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (ДИМК) менен Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан  уюштурулуп жаткан «Билимдүү имам» аттуу эки күндүк окуу семинары Нарын казыятынын жыйындар залында өттү. Иш-чаранын ачылышына Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу, үгүт-насаат жана халал индустриясын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчылары катышып, имамдарды ар тараптуу билим алууга чакырышты.   

Өлкө аймагындагы жалпы мечит имамдарынын билим деңгелин жогорулатуу максатында Ханафий мазхабы жана Матурудий акыйдасы, соода-сатык эрежелери, зекет, үшүр, адал сертификат, нике, талак маселеси, зекеттин өлчөмү, шарияттагы маркумду жерге берүү эрежеси, ысырапкерчилик темалары боюнча атайын сабактар өтүлүүдө.

«Имамдарыбыз өтүлгөн сабактарды жакшылап өздөштүрүп алышса, элибизге жеткирүү бир топ жеңил болот. Эл менен иш алып барууда жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө дин кызматкерлеринин орду чоң. Биз карапайым калкыбызды адал ырыскылантууга үндөй берели. Ал үчүн Муфтиятта атайын халал иштерин өнүктүрүү бөлүмү ачылды. Кандай гана маселе болбосун байланышып, толук маалымат алсаңыздар болот»,-деди Жоробай ажы Шергазиев.

Ал эми семинардын окутуучулары имамдар үчүн атайын электрондук колдонмолорду даярдашып, өзгөчө Ханафий мазхабы жана Матурудий акыйдасын терең өздөштүрүүгө чакырышууда.

««Билимдүү имам» аттуу эки күндүк окуу семинарынын алкагында Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Жеңишбек ажы Курбанов, КМДБнын халал иштерин өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр ажы Токтогазы уулу жана облус казысы Эрик ажы Молдокулов өздөрүнүн билимдери,  тажрыйбалары менен бөлүшүүдө. Бул учурду жакшы пайдаланалы!»,-деди КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов.

Эскерте кетсек, Нарын облусунда өтүп жаткан «Билимдүү имам» аттуу эки күндүк окуу семинарына район жана шаардын бардык имамдары катышууда.

Related posts

Баткендин Жаңырык айылынан 1,5 тонна үшүр жыйналып, «Муаз ибни Жабал» медресесине тапшырылды

“Жоолугуңду чеч” деген мектептерге арыз менен Билим Берүү министрлигине WhatsApp аркылуу кайрыла алышат

admin

2022-жылдагы Кадыр түн 27-апрелден 28-апрелге караган түнү белгиленет

2 комментарий

创建Binance账户 23.06.2025 at 12:53

Can you be more specific about the content of your article? After reading it, I still have some doubts. Hope you can help me.

Reply
Открыть учетную запись в binance 05.07.2025 at 13:24

I don’t think the title of your article matches the content lol. Just kidding, mainly because I had some doubts after reading the article.

Reply

Leave a Comment