Намаз окубагандар жөнүндө «Курани Карим » китебинде жана хадиси шарифте мындай делинет: » Эч кандай себепсиз намазын окубаган кишиге Аллах Таала 5 жаза берет.
Алардын алтоосу бул дүйнөдө, үчөөсү каза болгондо, үчөөсү кабрда, дагы үчөөсү кабырдан турганда берилүүчү кыйынчылык жана жаза.
☝🏻Бул дүйнөдө берилүүчү алты жаза:
📍1.Бенамаздын өмүрүндө береке болбойт.
📍2. Аллахтын сүйгөн пендеси болгон көркөмдүк, сулуулук, сүйкүмдүүлүктөн кур калат.
📍3.Эч кандай жакшылыгына сооп берилбейт. [ Бул хадисте айтайын деген маселе парз амалдар өз убактысында аткарылбаса сүннөт амалдар кабыл болбойт. Жана сүннөттөрүнө да сооп берилбейт] .
📍4. Дуалары кабыл болбойт.
📍5. Аны эч ким жактырбайт жана сүйбөйт.
📍6.Мусулмандардын жакшы дуалары ага жетпейт.
☝🏻Каза болгондо берилүүчү жазалар:
📍1.Кор болгон абалда жана жаман өлүм менен жан берет.
📍2.Ачка абалында өлөт.
📍3. Тоюп суу ичсе да, суусуну канбай суусоо азабында жан берет.
☝🏻Кабырда тартылуучу азаптар:
📍1.Кабыр аны ушундай кысат сөөктөрү бири-бирине кирип кетет.
📍2.Кабыры жалынга толуп, күнү-түнү аны күйгүзөт.
📍3. Аллах Таала анын кабырына дүйнө жыландарына окшобогон жылан жиберет. Ал жылан аны ар күнү намаз убактыларында азаптайт. Бир секунд да токтотпойт.
☝🏻Кыяматта башына келүүчү азаптар:
📍1.Тозокко сүйрөй турган азап периштелери анын жанынан айрылбайт.
📍2.Аллах Таала аны ачуулуу абалда күтүп алат.
📍3.Эсеп-кысабы оор болуп, акырында тозокко ыргытылат.
🌙 Хасан Басрий: «Бул дүйнөдө сен үчүн эң маанилүүсү намаз болбосо, анан сага эмне маанилүү?» Деген экен…
🤲Аллах таалам үй — бүлөбүз, жакындарыбыз менен беш убак намазга бекем кылсын, туура жолунан адаштырбасын!
🧕Даярдаган: Махарам Муслима.
However, a lesser increase in the serum anion gap anion gap 24 mEq L or less can be present without an identifiable, accumulating acid in 30 of cases 44 priligy dapoxetine 60mg