24.1 C
Bishkek
13.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Манас районунун жаштары мечиттин ичин жылуулап, кышкыга даярдык көрүшүүдө

Манас-районунун-жаштары-мечиттин-ичин-жылуулап,-кышкыга-даярдык-көрүшүүдө

Талас облусунун Манас районунун Май айылынын жаштары 10 жылдыкты өткөрүүнүн ордуна айылдын “Салам Исмаил Ата” мечиттин ичин кышкыга даярдык көрүүдө. Бул тууралуу Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев билдирди.

Анын айтымында, жаштар мечиттин ичин толугу менен  кышкыга меш менен жылытууну колго алышты.

«10 жылдыкты тосуу бул ысырапкерчилик. Динибизге туура келбейт. Андан көрө айылдагы мечиттерге, мектептерге, бала бакчаларга жардам берейли. Бузулган көпүрөлөрдү, жолдорду оңдойлу жана мындан башка сооптуу иштерди көп жасайлы”, —  деди Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев.

Related posts

Тоң районунун баш имам-хатиби Таалайбек ажы Акунов райондук билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери менен жолугушуп, кызматташууну талкуулашты

NASA Sets Coverage for Two Spacewalks Outside Space Station

admin

«Апиза эне» ислам институтунун студенттери «Шейх Чубак ажы Жалилов» атындагы китепканага барышты

Leave a Comment