32.1 C
Bishkek
16.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Манас районунда жардамга муктаж 50 үй-бүлөгө азык – түлүк берилди

Манас-районунда-жардамга-муктаж-50-үй-бүлөгө-азык-–-түлүк-берилди

Талас облусунун Манас районунун хатибиятына ай сайын кайрымдуулук иштерин адатка айланткан мекендештерибиз тарабынан гуманитардык жардам келип түштү.

Ар бир баштык 1800 сомдон айланып, анын ичинде 10 кг ун, 5 кг макарон, 5 литр май, 3 кг кум шекер, 3 кг күрүч болуп, анын жалпы суммасы 90 миң сомду түздү.

“Бул гуманитардык жардам 50 муктаж үй-бүлөлөргө имамдарыбыз аркылуу жеткирдик. Анын ичинде Чоң – Капка, Май, Манас, Пакровка жана Кызыл – Жылдыз айылдарына таратып бердик. Алла Таала ушул ай сайын жиберип жаткан берешен мекендештерибиздин өмүрлөрү узун болсун, тапкандарына береке болсун. Ушундай жигиттерибиз көбөйсүн”, —  деди баш имам хатиб Миржалал ажы Дадабаев.

Related posts

Защищено: Р. Ч. Р. М (жашыруун)

admin

Лейлектик имамдын демилгеси менен жардамга муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратылууда

admin

Мечит эмес, мектеп курулсун дегендерге

admin

Leave a Comment