22.1 C
Bishkek
18.06.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Өзбекстан Республикасынын Дин иштери боюнча комитети менен кызматташууну улантат

Кыргыз-Республикасынын-Дин-иштери-боюнча-мамлекеттик-комиссиясы-Өзбекстан-Республикасынын-Дин-иштери-боюнча-комитети-менен-кызматташууну-улантат

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК) директору Тойгонбай Абдыкаров Ташкентке болгон иш сапарында Өзбекстан Республикасынын Министрлер кабинетинин алдындагы Дин иштери боюнча комитетинин жетекчиси Содик Тошбоев менен жолугушту.

Жолугушууга Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев, Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр Нарматов жана Өзбекстандын муфтийи Нуруддин ажы Халыкназаров катышты.

Эки тараптуу жолугушууда элдин ынтымагын бекемдөө, мамлекеттер ортосундагы достук алакаларды чыңдоо жана тажрыйба алмашуу, буга чейинки кол коюлган меморандумдарды ишке ашыруу боюнча пикир алышты.

«Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасын бекемдөөдө дал ушундай Борбор Азияга белгилүү болгон диний окуу жайлардан студенттерибиз билим алып, бул жаатта Муфтий менен сүйлөшүп, иш алып баруу кажет. Эң негизгиси калкыбызды ар кандай терс диний агымдардан оолак кылууда мыкты кадрларды даярдоо керек», -деп белгиледи КР ДИМК директору Тойгонбай Абдыкаров.

Ошондой эле, тараптар Дин Башкармалыктар ортосундагы алаканы бекемдөө, тажрыйба алмашуу менен салттуу ислам дининин асыл баалуулуктарын коомчулукка биргеликте жеткирүү экендигин талкуулашты.

Related posts

Ош шаарындагы Курманжан датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундарына ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Мырза кары Осмонов: Кыйынчылыкты сабыр жана акыл менен жеңенде ийгиликке жетесиң!

Wonderful locations you’ll want to visit in the Caribbean

admin

Leave a Comment