24.1 C
Bishkek
14.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Кыргызстан Ислам университетин 2020-2021-окуу жылында 100 студент аяктады

Кыргызстан-Ислам-университетин-2020-2021-окуу-жылында-100-студент-аяктады

Кыргызстан Ислам университетинин 2020-2021-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүн узатуу салтанаты болуп, ага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев, Бишкек шаарынын казысынын орун басары Эрназар ажы Асатов, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасынын орун басары Гульназ Исаева жана аталган мекеменин бөлүм башчылары, кадырман аксакал аалымдар, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери, Кыргызстан Ислам университетинин жалпы эмгек жамааты катышты.

Кыргызстан Ислам университетинин шарият адистигинин 100 студент аяктаса,  анын ичинен  8 бала Куранды толук жаттаган. Ал эми Ош Куран борборунан 9 студент ыйык Куранды толук жаттап, атайын күбөлүк жана мектепти толук аяктагандыгын тастыктаган аттестатка ээ болушту.

«Окуу жайыбыз теология адистиги боюнча 2017-жылы КР Билим берүү министрлигинин лицензиясына ээ болсо, быйылкы жылы алгачкы бүтүрүүчүлөрүн чыгарып, жакынкы күндөрү аккредитациядан да өтүп, аталган адистик боюнча бүтүрүүчүлөргө диплом берүү укугуна ээ болуп олтурат»,-деди КИУнун проректору Абдиваси Матраимов.

Ал эми Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев билим алуунун артыкчылыгына токтолуп, бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалады.

«Мындан аркы кадамыңыдар байсалдуу болсун! Билим алдым деп эле токтотуп койбой, дайыма аракет менен изденүүнүн үстүндө болуңуздар»,-деди Жоробай ажы Шергазыев.

Саамалыктын алкагында Кыргызстан Ислам университетинин мугалимдери  Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын, Бишкек шаардык казыятынын, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, Кыргызстан Ислам университетинин Ардак грамоталарына ээ болушту.

«Окуу жайыбыз тарабынан да кээ бир өнөктөш мекемелердин жетекчилерине, өкүлдөрүнө, ишкерлерге жана окуудагы жетишкен ийгиликтери жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн бүтүрүүчүлөргө Ардак жана ыраазычылык баракчалары ыйгарылды»,-деди КИУнун проректору Бакытбек  Ниязов.

Аземдин соңунда  бүтүрүүчүлөр мугалимдерге, окуу жайга жана кураторлоруна белек-бечкектерин тапшырышты.

Related posts

Москва шаарындагы «Крокус Сити Холл» залында Эл аралык Куран жарышы өтөт

Адилет Сыдыков

Азирети Муфтий Замир кары Ракиев өлкөдөгү бир катар баш имам хатибдерди ардак грамота менен сыйлады

Залдагы элдин баарын ыйлаткан 4 жаштагы кыз

Leave a Comment