Макалалар

Куран жана улуттук иденттүүлүк 🌿

Тээ жер каймактап, жер бетинде түрдүү жан-жаныбарлар жаратылып, алардын ичинен эң эле урматтуусу, эң эле кадырлуусу болгон адам баласы жаратылгандан бери нечендеген доорлор өтүп, адам баласы уламдан-улам көбөйүп, кээде ар кандай балээ-кырсык, апаат, согуштардан улам азайып олтуруп жашоо сүрүп келет. Жашаган аймагына, климат шартына, сүйлөгөн тилине, көөдөндөгү дилине жана жергиликтүү каада-салттарына карап адамдар ар кандай расага, улутка жана урууларга бөлүнүшөт. Ыйык Куранда мынтип айтылат:

يَٓا اَيُّهَا النَّاسُ اِنَّا خَلَقْنَاكُمْ مِنْ ذَكَرٍ وَاُنْثٰى وَجَعَلْنَاكُمْ شُعُوبًا وَقَبَٓائِلَ لِتَعَارَفُواۜ اِنَّ اَكْرَمَكُمْ عِنْدَ اللّٰهِ اَتْقٰيكُمْۜ اِنَّ اللّٰهَ عَل۪يمٌ خَب۪يرٌ

«Эй, адамдар! Биз силерди бир эркек менен аялдан жараттык. Ошондой эле бири-бириңерди таанып-билишиңер үчүн элдерге жана уруу-урууларга бөлүп койдук. Акыйкатта, Алланын алдында силердин эң урматтууңар – такыба болуп Кудайдан корккондор. Акыйкатта, Алла – баарын Билүүчү, баарынан Кабардар!»

(Хужурат сүрөсү 13-аят).

Бул аятта Жарткан Алла мынтип айтууда: «Оо, адамдар! Бир кездерде силер жок элеңер. Силерди бир эркек менен аялдан жараттым. Баарыңар Адам ата менен Обо эненин балдарысыңар. Бир тууганыңды кандай жакшы көрсөң, башка адамдарды да ошондой жакшы көр, бир тууганыңа кандай мамиле кылсаң, башкаларга да ошондой мамиле кыл. Бир атанын балдарындай ынтымактуу жашагыла! Бири-бириңер менен согушуп, тирешип, бириңерден бириңер кыйын болуп, өзүңөрдү мактап өзгөнү басынтуу үчүн эмес, тескерисинче бири-бириңерди таанып билүү үчүн, бири-бириңерден асыл сапаттарды үйрөнүү үчүн улут-улут, уруу-уруу кылып койдук. Ошондуктан, Кудай алдында баарыңар бирсиңер. Өңү-түсүнө, келбетине, тилине, жынысына, улутуна карабастан Кудай алдында баарыңар тегизсиңер. Кудай алдында ким такыбаа болсо, тактап айтканда, Кудайдын осуяттарын, өкүмдөрүн так аткарып, тыйган нерселеринен ыраак болсо ошол адамдын кадыры бийик, мартабасы улук. Андыктан ошол улуу такыбалык мартабага умтулгула! Кудай силердин жан-дилиңердеги жашыруун сырлардан бери билип турат…»

Аятка кылдат маани бере турган болсок, улуттарды жаратуудагы Кудайдын максаты لِتَعَارَفُواۜ «пенделер бири-бирин таанып билүүсү» экенин көрөбүз. Демек, ар бир улуттун өзүнүн иденттүүлүгү бар. Бул аятта ар бир улут өз иденттүүлүгүн сактап, башка элдерге таанылуусун буйрук берип жатат. Улуттук иденттүлүктү сактоо үчүн ушул жети нерсеге көңүл буруу керек.

Биринчиси: Эне тил. «Улуттун улуулугу – эне тилинде» деп бекеринен айтылган эмес. Рум сүрөсүнүн 22-аятында мындай деп айтылат:

وَمِنْ اٰيَاتِه۪ خَلْقُ السَّمٰوَاتِ وَاْلاَرْضِ وَاخْتِلاَفُ اَلْسِنَتِكُمْ وَاَلْوَانِكُمْۜ اِنَّ ف۪ى ذٰلِكَ َلاٰيَاتٍ لِلْعَالِم۪ينَ

«Асмандар менен Жердин жаратылышы, силердин тилиңер менен түсүңөрдүн ар түрдүүлүгү да – Анын белгилеринен. Акыйкатта, буларда билимдүүлөр үчүн белгилер бар».

Демек, ар бир улуттун тили, өңү-түсү Кудайдын кудурети менен болот. Кудай ар бир элге тилди аманат кылып берген. Аманатка кыянат кылбоо керек.

Ал эми Ибрахим сүрөсүнүн 4-аятында болсо:

وَمَٓا اَرْسَلْنَا مِنْ رَسُولٍ اِلاَّ بِلِسَانِ قَوْمِه۪ لِيُبَيِّنَ لَهُمْۜ

«Биз ар бир пайгамбарды (өкүм-буйруктарыбызды) баян кылып бериши үчүн өз элинин тили менен гана жибердик…» деп эне тилге басым жасоо менен, эне тил менен адамдардын дилине сүңгүп кирип, акыйкатты жашатуу мүмкүн экенин көрсөтүүдө.

Эне тилдин статусун көтөрүү жана пропагандалоо боюнча жакшы эле иштер жүрүп жатат. Эл оозундагы уламыштар, макал-лакаптар, жомоктор, ырлар, кенже эпостор, айтыш өнөрү, төкмөлүк өнөрү, манасчылык өнөрү, Жусуп Баласагындан баштап Чыңгыз Айтматов сыяктуу адабият шаалары, Касым Тыныстанов жана Ишенаалы Арабаев сыяктуу жоон топ тил илимине салым кошкон окумуштуулар, ошондой эле дүйнөдө теңдеши жок «Манас» эпосу ар дайым элибиздин сыймыгы болуп кала бермекчи…

Экинчиси: Улуттук нарк, каада-салттар. Ар бир улут өзүнүн каада-салты, нарк-насили менен башкаларга таанылат. Кыргыз эли илгертен эле меймандос, берешен, айкөл, шайыр ж.б. көптөгөн асыл сапаттары менен башка элдерге таанылып келет. Аны менен бирге айрым ээрчиме, куру намыстык ж.б. жаман адаттарыбыз да жок эмес. Унутулуп бараткан «Улууларды урматтоо, кичүүлөрдү ызаттоо, кыз-келиндердин ыйбалуулугун жоготуп жатышы ж.б.у.с.» улуттук нарк-насилибизди жандандыруубуз керек. «Ырысы жоктун ырымы күчтүү» боло бербей айрым негизсиз ырым-жырымдарга бөгөт коюп, ата-бабаларыбыздын ар бир сөзүн кылдат электен өткөрүп сиңиришибиз керек…

Үчүнчүсү: Улуттук кийимдер. Учурда улуттук кийимдерибиз кээ бир маданий, расмий иш-чараларда эле кийилбесе күндөлүк турмушта азыраак кийилип калганы өкүнүчтүү. Кээ бир мусулман бурадарларыбыздын пакистандын, араптардын көйнөгүн кийип, кара чүмбөт кийип алуусу улутман адамдардын кыжырын кайнатып, ажырымга себепчи болууда. Ал эми кээ бир Ислам душмандары учурдан пайдаланып, улутчулдук «пардасынын» артына жашынып алып элди кайраштырып жатышат. Мини юбка кийип, абийиринин баарын ачып көрсөткөн батыштын кийимдерине эч үн катышпайт. Үн катышса да саркеч кийимдер деп жымсалдап коюшат. Андыктан, улуттук кийимдерибизди аздектеп, ак жоолук, ак элечек, ак калпак, чепкен көйнөктөрдү заманбап стил менен шайкештирип, кадимки турмушта колдонуп кийиле тургандай кылып иштеп чыгуу модельер-дизайнерлерибиздин милдети…

Төртүнчүсү: Улуттук тамак-аштар. Бул жагынан Кудайга шүгүр этно-кафелер, ресторандар мыкты иш алып барып жатышат. Максым-Шоро, кымыз сыяктуу суусундуктарыбыз жакшы сакталып келет. Эми ушул улуттук тамак-аштарыбызды дүйнөгө бренд катары таанытууга аракет кылуу керек…

Бешинчиси: Улуттук оюндар. Бул боюнча да маданият министрлиги алгылыктуу иш-чараларды өткөрүүдө. Алардын көч башында «Көчмөндөр оюну» эң мыкты өрнөк болуп саналат…

Алтынчысы: Улуттук музыкалык аспаптары. Комуз, кыл кыяк, ооз комуз, добулбас, шылдырак, жетиген ж.б. улуттук музыкалык аспаптарыбыз элибизди дүйнөгө таанытып турган көрсөткүчтөрдүн бири. Музыка дегенде айрым молдокелерибиз чалкасынан кетиши мүмкүн. Анткени, музыка боюнча аалымдар арасында «болот-болбойт» деген кайчы пикирлер бар. Эгер Шарияттын булагы болгон Куран менен Хадистерди терең изилдесек, анда музыканын Куран окуп, ибадат кылуудан алаксытып, адамдын делебесин козгоп күнөөгө батуусуна себепчи болгон, же адамдын психикасына доо кетире турган музыкаларга тыю салынганын көрөбүз…

Жетинчиси: Улуттук мурас. Кудайдын ар бир элге берген өзгөчө белеги, ыроологон жакшылыктары бар. Курандын эң кыска сүрөлөрүнүн бири Курайш сүрөсүндө мындай деп айтылат:

ِلا۪يلاَفِ قُرَيْشٍۙ{١} ا۪يلاَفِهِمْ رِحْلَةَ الشِّتَٓاءِ وَالصَّيْفِۚ{٢} فَلْيَعْبُدُوا رَبَّ هٰذَاالْبَيْتِۙ{٣} اَلَّذ۪ٓى اَطْعَمَهُمْ مِنْ جُوعٍ وَاٰمَنَهُمْ مِنْ خَوْفٍ{٤}

«Курайштардын көнүккөн нерселери үчүн. Алардын көнүккөн нерселери: Кышкы жана жайкы (соода) сапарлары. Ошондуктан «Бул Үйдүн» (Каабанын) Эгесине сыйынышсын, анткени, Ал (Аллах) – аларды ачарчылыкта тамактандырган жана коркунучтан аман сактап калган».

Бул аяттар эмне үчүн Аллах Курайш уруусу жөнүндө айтты? Анткени, пайгамбарыбыз САВ Курайш уруусунан болгон. Аллах Таала Курайштарга соода-сатык ишин жөнгө салып, дүйнө жүзүндөгү эң алгачкы курулган Кааба мечитин ыроолоп, ар кандай ачарчылык менен коркунучтардан аман сактап турганы үчүн Аллага шүгүр келтирүүгө чакырып жатат. Демек бул кыска сүрөдө ар бир улутка Алла Таала өзүнчө жакшылык-нэматтарын бергендигин жана Ага шүгүр кылууга чакырып жатат. Мисалы: Кыргыз элине Алла Таала көз жоосун алган көркөм табиятты, зоолору асман тиреген ак карлуу Ала-Тоону, жергебиздин бермети болгон Ысык-Көлдү, канчалаган суулар жана кен байлыктарды ыроологон. Бизди жаратканда Өзү тагдыр кылып (өлчөп-бычып), кыргыз кылып жаратты. Ошондуктан, элибиз, жерибиз жана мекенибиз бизге аманат!

Улутчулдуктун оң жана терс жактары бар. Улутчулдуктун терс жагы боюнча заманыбыздын улуу аалымдарынын бири Бедиуззаман мындай дейт:

«Улутчулдук көз карашы бул кылымда өтө ашынган чекке жетти. Айрыкча Европанын амалкөй заалымдары мусулмандарды бөлүп-жарып, майдалап жок кылуу үчүн бул пикирди мусулмандардын ичине терс жагын козутуу менен ойготуп жатышат.

Анын үстүнө бул улутчулдук көз карашында напсиге жага турган ырахат бар, наадандыкка алып бара турган лаззат жана бактысыздыкка алып баруучу күч бар. Ошондуктан коомдук жашоонун тынчтыгы үчүн күрөшкөн адамдарга: «Улутчулдук пикиринен алыс болгула!» – деп айтылбайт. Себеби, улутчулдук пикиринин эки жагы бар. Биринчиси – шариятта тыюу салынган, бактысыздыкка жол ачкан, зыяндуу жана өздөрүнөн башкаларды «жеп-жутуу менен» азыктанган, өздөрүнөн башкаларга душмандык менен мамиле кылган жана адам баласынын тынч жашоосун бузуп, бактысыздыкка алып баруучу улутчулдук болуп саналат. Улутчулдуктун бул түрү башка элдерди «жутуп» жок кылуу менен күчтөнүп, бөлөктөрдү басып алуу үчүн амалкөйлүк менен мамиле жасайт. Бул болсо акыр аягында душмандыкка жана башаламандыкка алып келет. Мына ошондуктан ыйык хадистердин мазмунунда мынтип айтылган:

اْلاِسْلاَمِيَّةُ جَبَّتِ الْعَصَبِيَّةَ الْجَاهِلِيَّةَ

«Ислам дини – караңгылык доорундагы кырчылдашкан улутчулдук менен уруучулук пикирди түп тамырынан кесип таштады». (Бухарий, Ахкам 4, Имара 36,37; Абу Дауд, Сүннөт 5; Тирмизий, Жихад 28, Илим 16;)

Ошондой эле Куранда минтип айтылган:

إِذْ جَعَلَ الَّذِينَ كَفَرُوا فِي قُلُوبِهِمُ الْحَمِيَّةَ حَمِيَّةَ الْجَاهِلِيَّةِ فَأَنزَلَ اللَّهُ سَكِينَتَهُ عَلَى رَسُولِهِ وَعَلَى الْمُؤْمِنِينَ وَأَلْزَمَهُمْ كَلِمَةَ التَّقْوَى وَكَانُوا أَحَقَّ بِهَا وَأَهْلَهَا وَكَانَ اللَّهُ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيماً

«Каапырлар жүрөктөрүндө Жахилия (Исламга чейинки караңгылык) доорундагы каардуу чиренүүсүн сактап турган кезде, Алла Өз элчисине жана момундарга бейпилчилик түшүрдү жана аларга “(Кудайдан) корк!” (деген) сөздү (бекем) кармоого буюрду. Анткени, алар буга татыктуу болчу. Акыйкатта, Аллах – бардык нерсени билип турат».

(Фатх сүрөсү 26-аят)

Мына ошентип жогорудагы ыйык хадис менен Куран аяты кара ниеттеги улутчулдукка катуу бөгөт коёт. Себеби, түз көз караштагы мусулмандардын буга эч кандай муктаждыгы жок…»

(Саид Нурси, «Мектубат» китеби, 26-кат, 3-тема, 3-маселесинен үзүндү.)

Корутунду: Тарыхта нечендеген цивилизациялар, менмин деген державалар, байлыгы менен бийлигине, күчү менен акылына чиренген канчалаган коомдор жок болуп кетишти. Учурдагы глобалдашуу заманында да айрым элдер жоголуп кетүү коркунучунда турат. Эгер кайсы бир элдин тили, дини, дили бир болгон болсо, анда ал эл күчтүү эл бойдон калат. Ошондуктан кыргыз элинин душмандары алакандай элибизди өз ара бөлүп-жаруу, ыркыбызды кетирүү үчүн ар кандай амал-айлаларды ойлоп таап жатышат. Ар кандай секталарды киргизип, түндүк-түштүк кылып, жердешчилик, трайбализм, философиялык чабуулдар аркылуу улуттук баалуулуктар менен диний баалуулуктарды карама-каршы коюп чагымчылдык аракеттерди жасашууда. Андыктан ата-бабаларыбыз кылымдардан бери каада-салттарыбыз менен жуурулуштуруп сактап келе жаткан Ислам динибизди ыйык сактап, келечек муундарга өткөрүп берүү биздин ыйык милдетибиз. Кайсы гана мусулман өлкөлөрүн карабайлы алар өздөрүнүн улуттук иденттүүлүгүн сактап келишет…

(Даярдаган: Чыныбек Козукеев)

Back to top button