24.1 C
Bishkek
13.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Рафаиль ажы Татиков казыяттардын фатва бөлүмдөрүнүн адистерине онлайн жыйын өткөрүп, алардын отчётторун укту

КМДБнын-фатва-бөлүмүнүн-башчысы-Рафаиль-ажы-Татиков-казыяттардын-фатва-бөлүмдөрүнүн-адистерине-онлайн-жыйын-өткөрүп,-алардын-отчётторун-укту

Бүгүн, 8-июнда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын фатва, диний адабияттар бөлүмүнүн башчысы Рафаиль ажы Татиков облустук жана шаардык казыяттардын фатва бөлүмдөрүнүн  адистерине онлайн жыйын өткөрүп, алардын отчётторун укту. Муну менен катар КМДБнын фатва, диний адабияттар бөлүмүнүн башчысы казыяттардын фатва бөлүмдөрүнө үй-бүлө, талак, соода-сатык, үшүр, зекет, мурас жана ар кандай маселелер менен келген жарандардын суроолоруна так жооп берип, ошол эле учурда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин билдирди. 

«КМДБнын фатва, диний адабияттар бөлүмү жарандарыбыздын суроолоруна жооп берүү үчүн атайын сайт ачып, бүгүнкү күндө бөлүм тарабынан даярдалган фатвалар чыгып турат. Муну менен катар Ханафий мазхабы, Матуридий акыйдасы боюнча атайын сабактарды дагы уюштуруп, дин кызматкерин окутуп келүүдөбүз. Ушундай өңүттөгү иш-чаралар аймактык казыяттарда дагы улануусу керек. Элеттеги имамдарыбыздын билим деңгээлдерин дайыма жогорулатып, окуу курстарын уюштуралы»,-деди Рафаиль ажы Татиков.

Жыйындын соңунда облустук казыяттардын фатва бөлүмдөрүнүн адистеринин сунуштары кабыл алынып, алдыда аткарыла турган иштер талкууланды.

Related posts

Карыз

Бишкек шаарында өткөн Куран жарышына 40 талапкер катышып, калыстар мыктыларды тандашты

Аллахтын кереметтүү ысым -сыпаттары (5)

Адилет Сыдыков

1 comment

دوخت شلوار مردانه 29.06.2025 at 16:11

I loved as much as you’ll receive carried out right here.
The sketch is attractive, your authored subject matter stylish.
nonetheless, you command get bought an shakiness over that you wish be delivering the
following. unwell unquestionably come further formerly again since exactly the
same nearly very often inside case you shield this increase.

Reply

Leave a Comment