18.1 C
Bishkek
14.06.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

КМДБнын Россия Федерациясындагы өкүлү Кострома облусундагы мекендештерибиз менен жолугушуп, атайын уюштурулган сынакка катышты

КМДБнын-Россия-Федерациясындагы-өкүлү-Кострома-облусундагы-мекендештерибиз-менен-жолугушуп,-атайын-уюштурулган-сынакка-катышты

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Россия Федерациясындагы  өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев  Кострома облусуна барып, Кыргызстандык мекендештер менен жолугушту.

Иш-чара алкагында сүйүктүү пайгамбарыбыздын (САВ)  өмүр баяны боюнча  сынак өтүп, жеңүүчүлөргө атайын сыйлыктар берилди.

«Биздин коом, биздин элибиз китеп окуган, илимге кызыккан коом болуп эсептелет. Пайгамбарыбызды (САВ)  биз китеп окуу аркылуу таанып билебиз. Чет жердеги мекендештерибиз менен дайыма байланышта болуп, аларга динибиздин асыл баалуулуктарын жеткирип туруубуз зарыл. Костромадагы мекендештерибиз дагы мындай иш-чараларды көп өткөрүү керектигин айтышты»,-дедиСүйүмбек ажы Жусубалиев.

Ушул эле күнү КМДБнын Россия Федерациясындагы  өкүлү Кострома облусунун  муфтийи Ришат ажы Сайдашев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу жаатында пикир алышты.

Related posts

Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев «Ардактуу атуулу» намына ээ болду

Нанды арам кылган — навайчы

Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында спирт ичимдиктерин сатуу токтотулду.

Адилет Сыдыков

Leave a Comment