20.1 C
Bishkek
14.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

КМДБнын Россия Федерациясындагы өкүлү Москва шаарындагы аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушуп, биргеликте иш алып барууну талкуулады

КМДБнын-Россия-Федерациясындагы-өкүлү-Москва-шаарындагы-аксакалдар-кеңешинин-мүчөлөрү-менен-жолугушуп,-биргеликте-иш-алып-барууну-талкуулады

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Россия Федерациясындагы  өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Москва шаарындагы аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушуп, жаштар менен иштөө, каада-салт, үрп-адатты бекемдөө жана Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча атайын түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жаатында пикир алышты.

«Эзелтеден даанышман элибиз аксакалдарга өзгөчө сый-урмат көрсөтүп келишкен. Мындай улуу салтыбыз кылымдан кылымга сакталып, өз маани-маңызын жоготпой бүгүнкү күнгө чейин келди. Бекеринен «карынын кебин капка сал», «карысы бардын ырысы бар», деп айтылбаса керек. Ошондуктан биз Москва шаарындагы аксакалдар кеңеши менен биргеликте иш алып баралы деген бүтүмгө келдик»,-деди Сүйүмбек ажы Жусубалиев.

Related posts

Ысык-Көл облусунда уюштурулган «Билимдүү имам» аттуу эки күндүк окуу семинары жыйынтыкталды

Бал дүйнө

admin

Бахтияр дамла: «Энесин урган айбан жөнүндө» / Жума хутбасы 21.05.2016

Leave a Comment