
Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Россия Федерациясындагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Москва шаарындагы соода борборлорунда иштеген мекендештер менен жолугушту.
Жолугушууда КМДБнын Россия Федерациясындагы өкүлү ынтымакты бекемдөө, үй-бүлө баалуулуктары, зордук-зомбулукту токтотуу, балдардын тарбиясына көңүл буруу, терс диний агымдардан оолак болуу, кайрымдуулук, улуттар арасындагы достук темаларында баяндама жасады.
«Кайсыл гана мамлекетте болбойлу, ал өлкөнүн мыйзамдарын так сактоо керек. Адал жол менен эмгектенүүгө чакырам. Максатыбыз бул жерде иштеп жүргөн атуулдарыбыздын үй-бүлөсүн бекемдеп, ар кандай зомбулуктарга жол бербөө болуп саналат. Азыр көптөгөн үй-бүлөлөр ажырашып, балдары запкы көрүп жатат. Андыктан биз ушул багыттагы ишибизди жандандыруубуз маанилүү»,-деди Сүйүмбек ажы Жусубалиев.
Муну менен катар КМДБнын Россиядагы өкүлү жаштардын тарбиясына көңүл буруу керектигин баса белгилеп, кайсыл гана тармакта иштебесин инсан өз милдетин так аткарып, кыргыз элин уят кылбоосу зарыл экендигин түшүндүрдү.
Ал эми мекендештер менен болгон жолугушууну уюштурган Учкунбек Токторбаев 19-декабрда айымдар үчүн дагы атайын жолугушуу уюштурулуп жаткандыгын айтып, аялзаты үчүн дагы динибиздин баалуулуктарынан маалымат берүү маанилүү экендигине токтолду.

2 комментарий
Hi there I am so grateful I found your website, I really found you
by error, while I was researching on Yahoo for something else,
Anyways I am here now and would just like to say cheers for a remarkable post and
a all round entertaining blog (I also love the theme/design), I don’t
have time to read through it all at the minute but I
have saved it and also included your RSS feeds,
so when I have time I will be back to read a great deal more,
Please do keep up the excellent jo.
whoah this weblog is fantastic i love reading your posts. Keep up the good work!
You already know, lots of individuals are searching round for this information, you can help them greatly.