
КМДБнын Россиядагы өкүлчүлүгү кыргыз-тажик чек арасынан көз жумган мекендештерибизге Куран окушуп, жабыркаган үй-бүлөлөргө 250 миң рубль акчалай жардам жөнөтөт
Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Россия Федерациясындагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев КМДБнын Москва шаарындагы эмгек жамааты менен биргеликте ифтарлык уюштурулуп, кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан көз жумган мекендештерибизге багыштап Куран окушту. Бул күнү өкүлчүлүк жамааты мындай окуялардын кайталанбоосу жана мамлекетибиздин өнүгүүсү, жаштардын ыймандуу, билимдүү, адептүү болуусу үчүн Жараткан Алла Таалага дуба кылышты.
Муну менен катар жалпы Москва шаарындагы мекендештерибиз тарабынан чогулган 250 миң рубль акчалай жардамды жакынкы күндөрдө кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан жабыр тарткан үй-бүлөлөргө даректүү жеткирилээри айтылып, Баткен элине жапа-тырмак жардам берүү керектигин айтышты.
«Колубуздан келишинче акчалай жардамды чогултуп, жабыркаган үй-бүлөлөргө берүү алдында турабыз. Албетте, бул башталышы. Жардам берүүнү уланта беребиз»,-деди Сүйүмбек ажы Жусубалиев.

2 комментарий
What’s up to all, how is everything, I think every one is getting more from this web page, and your views are
good in support of new people.
Good post. I will be facing some of these issues as well..