15.1 C
Bishkek
12.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Керме-Тоо айыл өкмөтүндөгү имамдарга жыйын өтүп, бир катар тапшырмалар берилди

Керме-Тоо-айыл-өкмөтүндөгү-имамдарга-жыйын-өтүп,-бир-катар-тапшырмалар-берилди

Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүндөгү дин кызматкерлерине жыйын өткөрүп, анда КР Президентинин «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү» Жарлыгын ишке ашыруу жана КР ДИМКнын эсептик каттоосунан өтө элек диний объектилерди тез арада каттоодон өткөрүү маселелери талкууланды.

«Мамлекет колдоп жатканда каттала элек диний объектилерди каттоого киришүү зарыл. Бул тарыхый мүмкүнчүлүк. «Бул менин мечитим эмес» деп коңшу мечиттерге кайдыгер карабай, тескерисинче бири-бириңиздерди колдоп, жардам берип, жол көрсөтүңүздөр. Айрыкча имамы жок мечиттер кароосуз калып кетпесин», – деди казынын орун басары.

Алибек ажы Президенттин Жарлыгын аткаруу алкагында калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча тапшырма берип, ысырапкорчулукту токтотуу боюнча сезилерлик жыйынтык көрсөтүү керектигин билдирди.

Related posts

АҢЧЫЛЫКТЫН ИСЛАМДАГЫ ОРДУ

Ош шаарында ысырапкорчулукту болтурбоо жана алдын алуу боюнча жыйын өтүп, протоколдук тапшырмалар берилди

Защищено: Р. Ч. Р. М (жашыруун)

admin

Leave a Comment