15-июнда казак парламенти «Тармактык соода жана каржы уюмдарын жөнгө салуу, көзөмөлдөө, каржы пирамидаларынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча» мыйзам долбоорун жактырды. Бул мыйзам каржы пирамидаларын түзүүгө жоопкерчиликти күчөтүү жана блогер, вайнерлерге алардын жарнамасы үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүүгө багытталган.
«Кароого сунушталган мыйзам долбоорлорунун негизги максаты — каржы пирамидасын түзүүгө жоопкерчиликти күчөтүү. Ошондой эле аларды жарнамалагандарды кылмыш жоопкерчилигине тартып, жарандардын укуктарын коргоо механизмин иштеп чыгуу», — деп билдирди Мажилистин депутаты Юрий Ли «Власть» басылмасына курган маегинде.
Жаңы мыйзам долбоорунда, Кылмыш-жаза кодексинин 217-беренесине ылайык айыпталуучуга 6 миллион теңгенин тегерегинде же болбосо 14 миң доллардай айып пул салуу, же 600 саатка чейин коомдук жумуштарга тартуу, эки жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Бул берененин төртүнчү бөлүгүнө ылайык, айыпталуучунун мүлкү толугу менен конфискацияланып, 3 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Коңшу Казакстанда каржы пирамидаларын жарнамалаган блогерлерге кылмыш ишин козгоо сунушу быйыл жыл башында айтыла баштаган.
Инстаграмда үч миллиондон ашык катталуучусу бар Туребаев камакка алынардан мурун видео тартып, анда ал «өзү дагы жабырлануучу» экенин жана «компаниянын ишмердүүлүгүнөн эч кандай пайда албаганын» айткан.
«Сиздер билгендей мен режиссер, сценарист, актер катары белгилүүмүн. Сериал, жарнамаларды тартам. Mudarabaн Capital компаниясынын эки жарнамасына актер катары тартылгам. Бирок экспертизада бул жарнамалар каржы пирамидасына элди жапырт чакыруу болгон эмес деп табылган».
Ал эми 11-апрелде Казакстандын башкалаасы Нур-Султандагы Ички иштер министрлигинин алдына каржы пирамидасына алданып калганын айтып чыккан аял өзүнө өрт койгон. 32 жаштагы Багила Досмаилова оор абалда реанимицияга түшкөн.
Апрелдин соңунда Алматы шаардык соту каржы пирамидасы боюнча шектелген блогерлер Мейржан Туребаев жана Мейирхан Шерниязовду камоо мөөнөтүн эки айга узартты.
Казакстандын Финансылык мониторинг агенттигинин 15-июнга карата маалыматы боюнча, быйыл 17 миңден ашык казакстандык каржы пирамидаларына 27 миллиард теңге (62 млн. доллардын тегерегинде) акча салган.
Ал эми Кыргызстандагы жагдайга келсек, Ички иштер министрлигинин март айында тараткан маалыматында, былтыр биринчи жарым жылдыкта каржы пирамидасына байланыштуу 906 факт катталган жана алар боюнча материалдык зыян дээрлик 35 млн. сомго жеткен. Министрлик кайрылуу таратып, жарандарды жеңил, тез аранын ичинде киреше убада кылган каржылык пирамидаларына катышпоого чакырган. Мекеме өлкө ичинде каржылык пирамидалардын бир нече түрү бар экенин эскертип, алардын тизмесин жарыялаган эле.
Көп өтпөй 16-мартта S-LINE коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчиси Бактыбек Алиев Ошто адамдарга үй алып берүүнү убада кылып, акча алып, бирок аны аткарбай жүргөн деп шек саналып кармалган. Кийин үй камагына чыгарылды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы S-LINE кооперативине каршы 24 киши арыз жазганын билдирген. Келтирилген зыян 40 млн. сом деп эсептелген.
Азырынча Кыргызстанда тармактык компаниялардын кайсынысы ишенимдүү же шылуун экенин аныктаган атайын мамлекеттик орган жок. Алар жеке ишкер катары каалаган багытта иш алып барышат. Юридикалык жактан бул компанияларга эч кандай чектөө жок.
Тармактык маркетинг түшүнүгү 1945-жылы АКШда ишкер Ли Майтингер менен Уильям Кэсселбери Nutrilite Products компаниясынын улуттук таркатуучусу болуп дайындалгандан кийин башталган.
Бизнестин бул түрү Орусияга 1990-жылдары келип, андан Кыргызстанга да жеткен. Түштүк Корея, Кытай жана АКШда маркетингдин бул түрүн чектеген айрым мыйзамдар бар.