24.1 C
Bishkek
13.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Кара-Суунун Нури- Ислам мечитинде курман айт майрамы белгиленди

Кара-Суунун-Нури-Ислам-мечитинде-курман-айт-майрамы-белгиленди

Ош облусунун Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Тельман айылынын жаштары курман айт майрамына карата жаш балдарга оюн-зоок мелдештерди уюштурушуп, аларга жагымдуу маанай тартуу кылышты.

Ошондой эле бир уй, бир кой курмандык чалышып, азык-түлүк баштыкчалары менен чогуу кедей-кембагалдарга таратышты.

Иш-чарага Кара-Суу районунун башкы имам хатиби Абдирашит ажы Батыров, Тельман айылынын тургундары жана жаш өспүрүмдөр катышты.

 «Курман айт майрамы күнү майрамды даңазалап, жаштарды спортко чакырган жана улуу күндө курбандык чалып, жетим-жесирлерден кабар алган 1986-жылкы жигиттерге терең ыраазычылык билдирем», – деди Абдирашит ажы Батыров.

Related posts

‟Ажимат ажы Ата” атындагы «Фиисабилиллах» мечити Баткен элине 250000 сомдук жардам жөнөттү

Экономика министрлиги расмий адал стандартын түзүүнү демилгелөөдө

admin

Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков район, шаарлардын баш имам хатибдерине онлайн жыйын өтүп, алардын отчетторун укту

Leave a Comment