32.1 C
Bishkek
16.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Кара-Кулжа районунун тургундары элибиздин амандыгын тилеп түлөө өткөрүштү

Кара-Кулжа-районунун-тургундары-элибиздин-амандыгын-тилеп-түлөө-өткөрүштү

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу алыскы «Ой-Тал», «Алайкуу», «Кызыл-Жар» жана «Капчыгай» айыл өкмөттөрүнүн тургундары чогулуп, Жараткандан элибиздин амандыгын, мамлекетибиздин бүтүндүгүн жана коронавирус илдетинен арылууну тилеп, бата кылышты.

Түлөөгө 4 кой союлуп, эти келген конокторго тартылды.

Иш-чарага Кара-Кулжа районунун башкы имам-хатиби Дастан ажы Мамаев, Кара-Кулжа районунун администрация башчысы Аман Кенжетаев, райондун аксакалдар кеңешинин төрагасы Сейдахун Ибраимов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

«Бул айыл аймактары районубуздун эң алыскы жерлеринде. Жолдору катаал. Жараткан Аллах ар кандай бөдө кырсыктардан, селден, жер көчкүлөрдөн жана жол кырсыктарынан өзү сактап, кылынган садака-ихсандар кабыл болсун»,  – деди  баш имам-хатиб Дастан ажы Мамаев. 

Related posts

Нике учурунда мас болсо нике жүрөбү?

Каракол шаардык хатибияты ишембилик өткөрүп, көчөттөрдү отургузушту

«МЕН СЕНИ ЖАКШЫ КӨРӨМ»

1 comment

Denice 14.11.2024 at 14:08

Howdy! Do you know if they make any plugins to
assist with Search Engine Optimization? I’m trying to get my site to rank
for some targeted keywords but I’m not seeing very good results.
If you know of any please share. Appreciate it! You can read similar article
here: Eco blankets

Reply

Leave a Comment