24.1 C
Bishkek
14.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Жоробай ажы Шергазыев Жайыл районундук психоневрологиялык стационардык мекемесинен кабар алып, күнүмдүк турмушка керектелүүчү каражаттарды тапшырды

Жоробай-ажы-Шергазыев-Жайыл-районундук-психоневрологиялык-стационардык-мекемесинен-кабар-алып,-күнүмдүк-турмушка-керектелүүчү-каражаттарды-тапшырды

Бүгүн, 31-май күнү Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу психоневрологиялык стационардык мекемесинен кабар алып, күнүмдүк турмушка керектелүүчү каражаттарды тапшырды.

Мекеменин директору Темиркул Эралиев райондук психоневрологиялык стационар жалпысынан 250 жаранга ылайыкталып, 92 кызматкер эмгектенээрин билдирди.

«Дарыгерлерибиз мекемеде дарыланып жаткан жарандарыбыздын саламаттыгын көзөмөл кылышса, 20дай кызматкерибиз жаткан бейтаптарды карашат. Кайрымдуу жарандарыбыз дагы колдорунан келишинче өз жардамдарын берип келишет»,-деди Темиркул Эралиев.

Ал эми Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев бул жардам акыркы эместигин билдирип, мындан ары тыгыз байланышта болоорун билдирди.

«Сиздер абдан соопту иштерди аткарып жатасыздар. Алла Таалам эселеген соопторун берсин. Чындыгында биздин дарыланып жаткан мекендештерибизге кам көрүп, алардын шарттарын жакшыртууга далалат кылуу Жаратканга жага турган иштерден. Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы эми дайыма байланышта болуп, колунан келишинче жардамын берип турат»,-деди Жоробай ажы Шергазыев.

Муну менен катар эки тараптуу сүйлөшүү учурунда муздаткыч жана суу түтүгүн кошумча чыгаруу зарылдыгы бар экендиги белгилүү болду.

«Кошумча суу түтүгүн жерден сордуруп алуу муктаждыгы бар. Эгер таза суу өчүп кала турган болсо абдан кыйынчылык жаралып калат. Муну менен катар эт сактоочу атайын муздаткыч керек болууда. Эки муздаткычтын бирөө иштен чыгып калды»,-деди мекеменин директору.

Related posts

Furniture Area Basical Navik Power To Conjure

admin

Москвада Осмон Халифалыгынын Ислам армиясы чагылдырылды

admin

Кара-Сууда коронавирус инфекциясынын алдын алуу боюнча жыйын өтүп, ага дин кызматкерлери катышты

1 comment

sitemap.xml 03.09.2024 at 19:15

I really lik your blog.. veryy nice colors & theme. Diid yoou create this wwbsite ylurself oor did yoou hire someone to do
iit for you? Plzz reply as I’m looking too construct mmy
owwn bog andd wuld likje to knokw whhere u got thuis from.

than you

Reply

Leave a Comment