15.1 C
Bishkek
12.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

Жети-Өгүз районунун баш имам-хатиби Кызыл-Суу айылындагы имамдар жана айыл аксакалдары менен жолугушуп, ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча маалымат берди

Жети-Өгүз-районунун-баш-имам-хатиби-Кызыл-Суу-айылындагы-имамдар-жана-айыл-аксакалдары-менен-жолугушуп,-ысырапкерчиликтин-алдын-алуу-боюнча-маалымат-берди

Жети-Өгүз районунун  баш имам-хатиби Талантбек Акылбек уулу  Кызыл-Суу айылындагы имамдар жана айыл аксакалдары менен жолугушуп, ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча маалымат берди.     

“Заманга жараша, шартка жараша сарамжалдуулукту, үнөмдү үйрөнгөнүбүз жакшы. Ашыкча чыгымдарга жол бербей эсеп-чот менен, баам-парасат менен, чен-өлчөм менен жашоого көнчү мезгил келди. Бул жашоодо бардык нерсе өзүнүн чен-өлчөмү менен, өз орду менен, өз жолу менен болгондо гана тең салмактуулук, ырааттуулук бузулбайт. Ошондуктан ысырапкерчилик болгон жерде жакырчылык, кайдыгерлик болгон жерде түркөйлүк, мактанчаактык болгон жерде уятсыздык эриш-аркак жүрөт”,-деди райондун баш имам-хатиби.

Жолугушуу суроо-жооп менен коштолуп, баш имам-хатиб Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин буйругун тааныштырды. Муну менен катар эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги боюнча айыл имамдарына бир катар тапшырмалар берилди.

Related posts

Рамазан айынын башталышы болжолдуу түрдө 27-май, ишемби күнүнө белгиленүүдө

admin

Жаңы жыл, же 5тин 6га алмашышы…

Алтынбек Исмаиловдун «Мевлана» аттуу китеби чыкты

admin

Leave a Comment