24.1 C
Bishkek
14.07.2025
ЖаңылыктарКоомРубрикасыз

ЖАРЫЯ! Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы I “Куран жазы” аталышындагы республикалык Куран жарышын өткөрөт

ЖАРЫЯ!-Кыргызстан-мусулмандарынын-Дин-Башкармалыгы-i-“Куран-жазы”-аталышындагы-республикалык-Куран-жарышын-өткөрөт

Үстүбүздөгү жылдын 25-сентябрь күнү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун “Ак-Тайлак ата” борбордук мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан республикалык I “Куран жазы” аталышындагы Куран жарышы өткөрүлөт.

15-сентябрга чейин бардык облустук жана шаардык казыяттар өз аймагындагы Куран жаттатуу медреселеринин окуучулары жана жалпы эле Куран жаттоо менен алектенип жүргөн карылардын арасында тандоо конкурсу өткөрүлүп, андан жеңип чыккандар республикалык Куран жарышына катышууга жолдомо алышат. Ал эми 25-сентябрь күнү финалдык беттеш Базар-Коргон районунун “Ак-Тайлак ата” борбордук мечитинде өткөрүлөт.  

ЭСКЕРТҮҮ: Конкурска катышууга талапкерлердин жаш курагына чектөө коюлбайт.

КУРАН ЖАРЫШЫНЫН ТҮРЛӨРҮ:

1.         Куранды толук (30 пара) тилават тажвиди менен жатка билүү

2.         Курандын үзгүлтүксүз (20 пара) тилават тажвиди менен жатка билүү

3.         Куранды үзгүлтүксүз (10 пара) тилават тажвиди менен жатка билүү

ЖАРЫШКА КАТЫШУУЧУНУН ШАРТТАРЫ:

1.         Кыргызстандын жараны болуусу

2.         Бул жарышта, жарыштын бир эле түрү боюнча катыша алат

3.         Жарыштын бир түрүнө катталып, жарыш башталганда башка түрүнө өтүүгө болбойт

4.         Жарышка катышып, сынак маалына келгенде баш тартууга тыюу салынат

5.         Катышуучулардын саны чектелбейт.

БАЙГЕЛЕР:

10 ПАРА БОЮНЧА:

  • 1-орун -100 000
  • 2-орун -70 000
  • 3-орун 50 000

 20-ПАРА БОЮНЧА:

  • 1-орун -150 000
  • 2-орун -100 000
  • 3-орун 80 000

30-ПАРА БОЮНЧА:

  • 1-орун -200 000
  • 2-орун -150 000
  • 3-орун 100 000

Куран жарыштын жалпы фондусу — 1,5 миллион сом. Демөөрчү «Бай дыйкан» дыйкандарды колдоо борборунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Эрлист Акунбеков.

Байланыш телефондору: 0770644438, 0773671225, 0708383840, 0558500806

Related posts

Бишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп Самидин кары Атабаев дайындалды

Мырза кары Осмонов: Кыйынчылыкты сабыр жана акыл менен жеңенде ийгиликке жетесиң!

Алтынбек Исмаиловдун «Мевлана» аттуу китеби чыкты

admin

2 комментарий

Randy Stoeberl 11.11.2024 at 13:01

My programmer is trying to persuade me to move to .net from PHP. I have always disliked the idea because of the costs. But he’s tryiong none the less. I’ve been using Movable-type on a variety of websites for about a year and am worried about switching to another platform. I have heard great things about blogengine.net. Is there a way I can import all my wordpress posts into it? Any help would be greatly appreciated!

Reply
double scorpio 13.11.2024 at 06:35

This is a topic close to my heart cheers, where are your contact details though?

Reply

Leave a Comment